Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Арапбаев ЖК депутаты: “Элдин колунда мал көп. Ачарчылык болбойт”

Азамат Арапбаев ЖК депутаты: “Элдин колунда мал көп. Ачарчылык болбойт”

21-март, 10:06
4 454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азамат Абдуллажанович, азыркы кырдаал экономикабызга кандай таасир этиши мүмкүн?

-- Кытай менен чек ара жабылганына мына эки ай болуп баратат. Казакстан, Өзбекстан менен жабылды. Бул абалдан сабырдуулук менен гана чыгышыбыз керек. Башка айла жок. Ооба, экономикага залакасы катуу эле болот. Жумушсуздук башталат. Бажы төлөмдөрү азайышы мүмкүн. Салык төлөмдөрү эки айлык планга чыкты, бирок, үчүнчү айга чыгышы күмөн. Ишкерлик активдүүлүк төмөндөдү. Ишкерлик активдүүлүк төмөндөгөн кезде ал сөзсүз салыкка да терс таасирин тийгизет. 

-- Кыргызстан агрардык өлкө. Андай болгон соң пайдаланылбай жаткан ички ресурстарыбыз көп эле болсо керек...

-- Бирок, тилекке каршы, дан азыктарын биз Казакстандан алабыз. Бул жагынан кошуналар чек ара жабык экенине карабастан буудай, ундарын темир жол аркылуу тынымсыз жөнөтүп жатышат. Элдин колунда мал көп. Ачыгын айтканда, ачарчылык болбойт. Бирок, күндөлүк колдонулуучу кээ бир товарлар жок болуп калышы мүмкүн. Бирок, ал турмушка өтө чоң таасирин тийгизбейт. 

-- Импортко байланып калбай, көп нерсени өзүбүздөн чыгарсак болобу?

-- Болот. Бирок, бул кыска убакта жасала турган иш эмес. Европа мамлекеттеринен, Россиядан заманбап технологияларды кыска убакытта алып келип, өндүрүшкө коюу кыйын. Бирок, бул жалгыз эле Кыргызстанга эмес, бүт дүйнөгө сабак болот. Азыр бүт мамлекеттер бири-бири менен терең интеграциялашып калган. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
(Видео) Алматы көчөлөрүндө адамдар кулай баштады. Себеби?..
“Кремлде” делген Самаранын концерти айылдагы клубдун деңгээлинде өттүбү?
(Видео) Муфтий Максат ажыдан мындай соккуну эч ким күткөн эмес...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер