Күйөөмдүн айынан психикалык дартка чалдыктым


Кыйналып жүргөн күндөрү Азатты жолуктурдум. Мээримге, жылуулука зар дүйнөмө жылуулук чачып, жакшы сөзүн арнап, турмуш курууга колумду сурады. Алгач көңүлсүнө бергеним жок. “Иштесем, бир туугандарыма жардамдашсам” деген тилектерим бар эле. Азат ата-энесине тааныштыруу үчүн жанымды койбой үйүнө ээчитип барды. Жылуу тосуп алышты. Жакшы сөздөрдү айтышты. Баары жабылып колумду сурашты. Акыры макулдугумду берип, бактылуу үй-бүлө болуп жашап калдык. Кайната-кайненемдер жакшы адамдар. Аларга абдан ыраазымын.
Бирок, бири кем дүйнө деген ушул экен. Кош бойлуу болгондо кубанычымда чек жок эле. Ал кубанычым көпкө узабай боюман түшүп калды. Анан экинчиси, үчүнчүсү да түшүп калды.
Арадан сегиз жылдай убакыт өттү. Канча дарыланып, аракеттенгеним менен эч натыйжа чыкпады.
Кийин билдим, күйөөм жуктуруп келген дарттан улам бул ооруга чалдыгыптырмын. Мен эне болуу бактысынан кол жуугансыдым. Акыркы күндөрү күйөөм өзгөрө баштады. Ар нерсени шылтоолоп кечигет. Келбей калат.
Күйөөм жашыруун түрдө экинчисине үйлөнүп алганын кеч билдим. Үйдө чоң чыр-чатак чыкты. Жаштыгымды ага арнап, ден-соолугумдан ажырадым. Анан минтип, ал мени башкага алмаштырды. Экөөбүздүн көп максаттарыбыз бар эле. Алар кайда калды? Мен сүйгөн, ишенген адамдын бул кадамынан соң психикалык жактан дартка чалдыгып калдым. Жинди болдум, ар бир күнү ар кандай дарыларды ичип...
Ага бала, наристе керек экен. Ата-энеси каршы болгонуна да карбады. Азыр биз бактысыз үч адамбыз. Үстүбүздө үйүбүз жок. Ал да батирде, мен дагы. Азат күндөп-түндөп тапкан акчасын батирлерге төлөйт. Мага келгенде ал ыйлайт. Ага кеткенде мен ыйлайм. Эки жактан экөөбүз жейбиз. Мен кетип калайын дейм, бирок менин бактымды уурдаган аялдын бактылуу болушун каалабайм. Ошентип азаптуу күндөр өтүп жатат.
Анара Нурбек кызы










