Мандемдүү полковник Талант Акматов “майлуу” кызматка дайындалды
Кашкар Жунушалиев качып кетсе да, анын көздөй кадрлары, “шестеркалары” калышкан. ИИМдин ички иликтөө кызматынын начальниги Талант Акматов аз күн мурда ушул эле системанын күзөт башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды. Мындайча айтканда, “майталкандуу” креслолорду улам алмаштырууда. Полковник Талант Акматов буга чейин орун басары Конок Өскөнбаев менен “тытышып” келгени, пара алууга “шектелгени”, чыр-чатактуу кадр экени белгилүү. “Азия Ньюс” гезитин шефи Кашкар Жунушалиевдин айдактамасы менен сотко берип, акчанын, кызматтын таасиринде дердеңдеп жүргөн. Акыры орун басары Конок Өскөнбаев артынан “куйругун” толгодубу, айтор, экөө келишпей ажырашып кетишти. Ток этери, ИИМ кадрдык кризиске келгенин ушундан билсек болот: Талант Акматовго өздүк курам нааразы эле, ага карабай карьералык өсүш жасады. Көпчүлүктүн ичи чыкпай турган чагы...
Aryba.kg