Акыркы кабарлар
» Саясат » Махабат Мавлянова, ЖК депутаты: “Ар бир жаран бирөөнүн кайгысына кайдыгер болбошу зарыл”
Махабат Мавлянова, ЖК депутаты: “Ар бир жаран бирөөнүн кайгысына кайдыгер болбошу зарыл”
10-январь, 02:45
652 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- Жакында эле эки кейиштуу окуя болду. Баткенде жана Кочкордо жаш келиндер күйөөлөрү сабап көз жумушту. Сиз ушул проблеманы көптөн бери изилдеп жүрбөйсүзбү, бул майрамдагы ичкиликтин кесепетиби, же тенденцияга айланып баратабы?
-- Ыйманга кедей, адеп-ахлагы жок, мээримге жарды, ташбоор, кайдыгер, өзүмчүл адамдар көбөйдү. Себеби, мамлекеттин иделогиясы жок, улуттук педагогиканы такыр унуттук. Ушулардын кесепети коомдогу тескери көрүнүштөргө алып келип жатат. Ошондуктан, бала бакча, мектеп, ЖОЖдордо ата-энелер менен чогуу тарбия маселесине катуу көңүл бурушубуз зарыл. Андан сырткары, ар бир жаран бирөөнүн кайгысына кайдыгер болбой, коңшу -колоң, тууган-урук кайсы үй-бүлөдө зордук-зомбулук болуп турганын билсе «эрди-катын урушат, эси кеткен болушат» деген макалга таянбай кийлигишип, жакшы болууга үндөп, тарбиялап, жаман жыйынтыктардын алдын алууга аракет жасаш керек. Бир эле милицияны карап отурбашыбыз абзел. Ошондуктан, үй-бүлөдөгү баласына, келинчегине жасаган ырайымсыз мамилелерди качан гана өлүм менен аяктаганда кыйкырып чыкпай, ошого жеткизбей жапырт коомчулук аракет кылышыбыз керек. Маселен, кошунаңызда үй-бүлө мүчөлөрүнө карата системалык түрдө ырайымсыз мамиле жасалып жатса, унчукпай басып кетпей, аксакал, айыл башчылары, коңшу-колоң чогулуп барып, ал жаранды акылга чакырып иш алпарса, көп жамандыктын алдын алабыз.
Бөлүшүү:

"Азия Ньюс" гезити