Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сергей Есениндин сүйгөндөрү: Зинаида Рейх, Айседора Дункан жана София Толстая

Сергей Есениндин сүйгөндөрү: Зинаида Рейх, Айседора Дункан жана София Толстая

07-май, 12:00
336 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сергей Есенин үч жолу үйлөнгөн. Акындын биринчи жубайы (Анна Изряднова менен болгон жарандык мамилесин эсепке албаганда) актриса Зинаида Рейх болгон. Экөө 1917-жылы таанышкан. Ошол эле жылы алар баш кошууну чечишет, бирок, нике ызы-чуу жана чыр-чатактар менен коштолгон. Ошондуктан, экөө ажырашканга чейин эле бөлөк жашап калышат. Есениндин көп достору “Зинаида акындын жалгыз чыныгы сүйүүсү болгон” деп айтышчу. Ортолорунда эки бала болгонуна карабастан, жубайлар ажырашууну чечишет. Бирок, Всеволод Мейерхольдго турмушка чыккандан кийин деле Рейх мурдагы күйөөсү (Есенин) менен жолугушуп жүргөн...

Сергей Есениндин экинчи жана эң белгилүү аялы – бул америкалык бийчи Айседора Дункан. Бири англисче, бири орусча араң сүйлөсө да, экөө бири-бирин жакшы түшүнүшчү. 1922-жылы сүйүшкөндөр баш кошууну чечишет да Германия, Бельгия, Италия жана АКШга гастролго чыгышат. Бирок, Дункандын спектаклдери зор ийгилик менен өтсө, Есенин тескерисинче, өзүн эч кимге кереги жоктой сезчү.

Сергей Есенин үчүнчү жана акыркы жолу Лев Толстойдун небереси Софияга үйлөнгөн. Бул кыз чоң энесиндей чыдамкай, жоош эмес эле, акындын “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген жапайы жашоосуна чыдабай, аны кайра тарбиялоону чечет. Бирок, үч ай болуп-боло электе Есенин “куйрукту түйүп”, качып кеткен... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер