Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Аcкарбек Жаныбековдун образы кой жеген карышкырдайбы?

Министр Аcкарбек Жаныбековдун образы кой жеген карышкырдайбы?

23-июль, 12:55
1 675 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кактус медиа” сайтына айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Кыргызстан азык-түлүк менен өзүн камсыз кыла албай турганын жарыя кылды. Болуптур, камсыз кыла албайт экен, анда министр мырза кантип камсыз кылуунун чараларын көрбөйбү. Жок, андай аракет байкалбайт. Алты айдан бери анын кылган жумушу – Каракол шаарына өзүнүн менчик убойный цехин ачып, бийлигине таянып башка цехтерди жаптырып тынды. Себеби, Жаныбековдон башкалардын бизнеси жүрбөшү керек экен.

Анын ойлогону эле чет өлкөдөн грант же насыя келсе, өзүнүн “Рейна кенч” жана башка фирмаларына котортуп, ошолорду өнүктүрүп, жеке байлыгын арттыруу. Аскарбек Жаныбековдун андан башка максаты жок. Ал мурда да министр болуп иштей албай алты айдан кийин бошогон, себеби, “гранттарды жеп коюптур” деген да имиштер бар. “Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт” дегендей, ушинтип басса-турса өзүнүн кожолугун ойлогон киши мамлекет, эл үчүн иштеп бермек беле? Бул эми карышкырга кой кайтарткандай эле да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер