Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Эч кандай позициябыз жок, тышкы саясатыбыз аябай солгундап кетти”

“Эч кандай позициябыз жок, тышкы саясатыбыз аябай солгундап кетти”

11-декабрь, 17:03
1 557 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Тышкы саясатыбызга кандай баа бересиз? Чет элдик расмий визиттер уюштурулуп, президенттер келишеби? Ушул өңүттөн ынанымдуу сунуш, ой-пикирлерди айта аласызбы?” деген суроолорубузду узатып, атайын эксперттерге кайрылдык.

Чынара Эсенгулова, эл аралык мамилелер боюнча эксперт:

-- Өткөн жылы октябрь айында чоң саясый окуялар болду. Андан кийинки процесстер, мисалы, парламенттик шайлоо бир жыл артка жылдырылып, 

Конституция ж.б. көп нерселер өзгөрүлдү. Ошонун баарын эске алганда, тышкы саясатта дүйнөлүк масштабда Кыргызстанды жакшы түшүнө албай жатышат. Өлкөбүздүн кай жакка бара жатканы, кайсы модель менен өнүгөрү белгисиз болууда. Бирок Конситуция өзгөрүп, бир саясатыбыз анык болуп калды. Парламенттик-президенттик системадан супер президенттик башкарууга өттүк, президенттин бийлиги абдан күчөдү. Жалпысынан демократиялык ачык-айкындык, көп тараптуу акылдашып чечим кабыл ала турган – бул парламент. Демек, эл өкүлдөрү да. Дүйнө “парламенттин бийлиги көбүрөөк болсо, элдин үнү көбүрөөк угулат” деген көз карашта. Ошондуктан биздин Конституциябыз өзгөрүп, президенттин бийлиги күчөп кеткенин айрыкча Батыш мамлекеттери терс кабыл алып жатат. “Тышкы саясатта мамлекет дүйнөдө кандай иштерди алып баргысы келет? Кайсы нукта өзгөрүүлөрдү жасагысы келет? Кандай реформаларды кылат?” деген сыноо көз карашында. 

Тышкы саясат – ички саясаттын уландысы. Ошондуктан дүйнөлүк державалар, ошол эле Россия, Кытай, Америка, Европа биримдиктери түшүнбөгөн маанайда аралыкты сактап, өтө жакындабай, реакция бербей турушат. Андыктан жогорудагы  өлкөлөрдүн өкүлдөрү жакында келет (!) деген ойдон алысмын. Жалпысынан тышкы саясатыбыз аябай солгундап кетти, эч кандай позициябыз деле жок. Айла жоктун иши менен эле келе жатабыз.  

Мисалы, тажиктер менен болгон окуя кыйла эле оор жоготуу. Канча деген үйлөрүбүз өрттөндү, жарандарыбыздан айрылдык. Бирок биздин позициябыз   айтылган жок. Ошол жагынан деле духубуз түшүп калганын белгилесек болот. Мамлекет ал жагынан тышкы саясатта өз кызыкчылыгын коргой албаганын көрсөттү. Андан кийин түрк элдери менен жакындап, Эрдоган менен мамиле кылуу  ички саясаттын туура эместигин көрсөтөт. Эрдоган Орхан Инанды тууралуу билбестигин айтып, кайра эки жумадан кийин “биз Кыргызстандан сууруп келдик” дегени өкүндүрдү. Кеп ал биздин жаран болгондугунда. Аны коргогондун ордуна колуна салып берип жатсак, ал ачыкка чыгып жатса, бирок биз реакция бербегенибиз уят болуп калды. Буларды эске алганда, тышкы саясатыбыз оорурак абалда десек жаңылбайбыз. 

Алмаз Тажибай, саясат талдоочу:

-- Бир жылдын ичинде тышкы саясат толук кандуу алып барылган жок. Себеби, бийлик алмаштырылгандан баштап өлкөбүздүн саясый архитектурасы бузулуп, жаңылоо, башкаруу системасы түзүлдү. Ошондуктан бийлик көп күчүн ички саясаттагы өзгөрүүлөргө буруп жатты.

 Жаңы бийлик келгенде башка мамлекеттердин башчылары менен жакшы таанышканга убакыт кетти. Ар кандай форматтагы жолугушуулардан калбай, мамлекет башчыбыз активдүү катышып жатканына күбө болдук.

 Жылдын аягында өлкөнү башкаруу системасын толугу менен топтогонго, эң маанилүү иш-чара 28-ноябрда мыйзам чыгаруу бийлигине парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Эми бийлик бутактары легитимдүү түзүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгын коргоо үчүн тышкы саясат фазасы активдүү башталат.

 Бийлик Кыргыз Республикасынын экономикасын көтөрүүгө баш салган, бирок дүйнөдө эч бир мамлекет өз алдынча башка мамлекеттерсиз, өзгөчө күчтүү державалардан баш тартып, өз экономикасын көтөрө албайт. Ошондуктан көп мамлекеттер менен иш алып барууга мажбурбуз.

 Биздин мамлекетибизге чоң ишеним пайда болсо, ошондо сырттан көп инвестициялык долбоорлор пайда болот. Ал үчүн биз аларга өзгөчө долбоорлорубузду сунуш кылышыбыз зарыл. Ошондуктан көп иш-чаралар тышкы саясатты дүйнөлүк деңгээлде чыгарып чечүү үчүн ички саясаттын даярдагынан белгиленет. Эгер биздин бийлик даяр болсо, анда дүйнөлүк лидерлер биздин өлкөбүзгө сапарлары менен келишине ишенем. Ички саясат – тышкы саясаттын уландысы, ошондуктан экономикабызды көтөрүүгө көп тараптуу саясат ишке ашышы керек. Мисалы, АКШ менен 2015-жылы денонсацияланган кызматташтык келишимди ордуна келтирүү маанилүү иш. Ошондо биз толук кандуу дүйнөдөгү интеграцияга аралашып, экономикабызды жаңы деңгээлге жеткиребиз. 

Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:

-- Тышкы саясатыбыз айдай ачык, күндөй жылуу, булуттардай ак болуш керек. Биринчи орунда Россия, экинчи Кытай, үчүнчү Түрк мамлекеттери, төртүнчү Араб мамлекеттери, бешинчи Батыш мамлекеттери.

Азыркы кезде кезек Кытайга келди. Ачык айтканда, ушул мамлекетте эң чоң инвестициялык потенциал бар. Президент Пекинде эң чоң көлөмдөгү маселелерди чечсе болот.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер