Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ЖАМК төрагасына кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мыйзам бузууларга жол бербөө сунушталган

ЖАМК төрагасына кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мыйзам бузууларга жол бербөө сунушталган

05-июнь, 18:53
133 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     КР Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева адам укуктарын коргоо жана түрмөдөгү кыйноолордун алдын алууда кандай иштерди аткарууда?

     «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөлдү жүзөгө ашырат жана кыйноолорго, ошондой эле башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоого каршы улуттук превентивдик механизмдин (УПМ) функцияларын аткарат.

     Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы адам укуктарын коргоо жана түрмөлөрдөгү кыйноолордун алдын алуу боюнча бир катар иш-аракеттерди жүргүзүп келет. Ал жаза аткаруу мекемелерине жана тергөө абактарына мониторинг жүргүзүп, кармалгандардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурууда. 

     Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасында 9 түзөтүү мекемеси иштейт, анда болжол менен 5,7 миң соттолгон жаза өтөөдө, ошондой эле 6 тергөө абагы бар, аларда 2,5 миңден ашуун адам кармалууда.

     Акыйкатчы Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, эркиндигинен ажыратылган адамдардын кармоо шарттарын жакшыртуу, мыйзамсыз мамилеге жана кыйноолорго жол бербөө маселелерин көтөргөн. Ошондой эле түрмөлөрдө жана тергөө абактарында үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп келүүдө. 

     Мындан тышкары, Акыйкатчы институтунда 2026-жылдын башында кыйноолордун алдын алуу боюнча борбор түзүлүп, өз ишин адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттарын шайкеш келтирүү боюнча аракеттенүүдө. Мисалы: Акыйкатчы институту тарабынан Улуттук алдын-алуу механизимди ишке ашыруунун алкагында жабык жана жарым-жартылай жабык мекемелерде 2026-жылдын 1-кварталында 117 (2025-жылдын 12-айында 328) инспекция жана мониторинг жүргүзүлдү.

     Мониторингдердин жүрүшүндө негизги көңүл кармоо шарттарына, тийиштүү медициналык камсыздоого жана аталган мекемелерде кармалган адамдарга гумандуу мамиле жасоого бурулат.

     Тактап айтканда, 2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинде (мындан ары - №27 мекеме) соттолгондордун укуктарын сактоо жана кыйноолордун алдын алуу маселеси боюнча превентивдик мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг жүргүзүлгөн учурда №27 мекемеде 1102 соттолгон жаза өтөп жаткан.
      Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин (мындан ары - КР ЖАК) 99-беренесинин талаптарына ылайык, түзөтүү колонияларында бир соттолгон адамга туура келген турак жай аянты эки чарчы метрден кем болбоого тийиш. Бирок мониторинг көрсөткөндөй, №27 мекемеде мыйзамдын бул талабы сакталган эмес. Ушуга байланыштуу Акыйкатчы институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына ЖАМКнын №27 мекемедеги лимитти 750 орундан 1200 орунга чейин көбөйтүү жөнүндө буйругунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү тууралуу сунуш жөнөтүлгөн.

     2026-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратынын кызматкерлери тарабынан №27 мекемеде кайрадан көзөмөлдүк мониторинг жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 1-жана 2-барактардагы турак жай бөлмөлөрүндө соттолгондордун саны аларды башка бөлмөлөргө которуу жолу менен кыскартылгандыгы аныкталган. Натыйжада бир соттолгон адамга туура келген турак жай аянты 2 чарчы метрден кем болбой калган.

     Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнүн натыйжасында №27 мекемесинин администрациясы тарабынан мурда аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлуп, күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылган.

     Дагы бир мисал, 2026-жылдын 2-мартында интернет тармагында Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери кеткенден кийин Ж уулу А. тартиптик изоляторго (ШИЗО) киргизилгени тууралуу маалымат тараган.

     2026-жылдын 3-мартында Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Ж уулу А. менен жолугушканда, ал Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине айткан арызы үчүн өч алуу максатында негизсиз түрдө ШИЗОго киргизилгенин билдирген. Бул боюнча материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. 2026-жылдын 4-мартында ЖАМК төрагасынын буйругу менен Ж уулу А. ШИЗОдөн бошотулган.

     ШИЗОго мыйзамсыз киргизүү фактысы боюнча Акыйкатчы институту тарабынан 2026-жылдын 24-мартында ЖАМК төрагасынын атына кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мындай мыйзам бузууларга мындан ары жол бербөө тууралуу сунуштама киргизилген.

     Жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында ыкчам бөлүмдүн башчысы Турдубаев У. өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы аныкталып, ЖАМК төрагасынын буйругу менен ага сөгүш түрүндөгү тартиптик жаза колдонулган.

     Моюнга алуу керек, биздин пенитенциардык мекемелердеги кармоо шарттары жана медициналык камсыздоо дүйнөлүк стандарттардан кыйла алыс, жана биз бул маселени Министрлер Кабинетинин алдында туруктуу көтөрүп келебиз.

     Бул багытта Өкмөт тарабынан чаралар көрүлүүдө. Алсак, 2025-жылдын 10-июлунда Москва районунун Беловодское айылында заманбап форматтагы №16 мекеменин расмий ачылышы болду. Мекеме 14,7 гектар аянтты ээлеп, 1400 соттолгонго ылайыкталган. Анда заманбап жатаканалар, медициналык корпус, ШИЗО, сейилдөө жана спорт аянтчалары, өндүрүш цехтери (эмерек цехи, кирпич заводу, тигүү цехи, күнөскана) курулуп жана жаңыланган. Суу менен камсыздоо, канализация жана жылытуу системалары толугу менен жаңыртылган. Мекемеде өндүрүш аймагында 300гө чейин жумуш ордун түзүү каралган, бул

соттолгондордун эмгек аркылуу социалдык реабилитацияланышына өбөлгө түзөт.

Ошондой эле 2025-жылдын аягында Нижний-Норус айылында кармоо шарттары жакшыртылган жаңы балдарды тарбиялоочу колониясы пайдаланууга берилди.


Абактардагы кыйноо жана адам өлүмүнө байланыштуу арыз, кайрылуулар боюнча

2026-жылдын 1-кварталында Башкармалыкка жеке жана юридикалык жактардан 14 (2025-жыл ичинде 56) кыйноолор боюнча даттануулар келип түшкөн. Абактагы адам өлүмдөрү боюнча үстүбүздөгү жылы арыз, даттануулар келип түшкөн эмес. 

     2026-жылдын 1-кварталында Башкармалыкка кыйноолор боюнча 14 даттануу келип түшкөн:

Ички иштер органдары боюнча – 8; 

УКМК органдары боюнча – 3; 

ЖАМК мекемелери боюнча – 3. 

Ар бир даттануу боюнча Башкармалыктын кызматкерлери жерине барып, жарандар менен жеке маектешүүлөрдү өткөрүшкөн. Чогултулган баардык материалдар укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Мисалы: Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) институтуна №21 мекеменде кармалып турган Р.Ж.Ч. кайрылып, 2026-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын УКМКсынын борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан жалган жалаанын негизинде Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 343-беренеси боюнча ага карта кылмыш иши козгогондугун, УКМКнын тергөөчүсүнүн кызматтык бөлмөсүндө, ал тааныбаган Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлерине каршы жалган көрсөтмө алуу максатында УКМКнын 9 ыкчам кызматкери тарабынан денесине суу куюлган желим бөтөлкө менен урулуп, жерге жыгылган учурда буттары менен бөйрөк тушуна тепкилешкенин билдирген. Мындан улам ал өз алдынча тура албай калган учурда 11-кабыргасы тепкиден сындырылганын көрсөткөн.

     Жогорудагы факт боюнча Акыйкатчы институту тарабынан материалдар топтолуп, Башкы прокуратурага жиберилген. Натыйжада Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 338-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен кылмыш иш козголуп, учурда тергелүүдө.


      Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер