Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бурул Калиева: «Бала төрөөдө ортосундагы аралыкты сактоо, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу – үй-бүлөнү бекемдөөдөгү маанилүү фактор»

Бурул Калиева: «Бала төрөөдө ортосундагы аралыкты сактоо, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу – үй-бүлөнү бекемдөөдөгү маанилүү фактор»

02-ноябрь, 11:27
832 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жогорку категориядагы акушер-гинекологу менен маек.

-- Статистикалык маалыматтарга ылайык, быйыл эки башка жолго түшкөн жаштардын саны өсүп жатыптыр, медицинада буга кандайдыр бир түшүндүрмө барбы?

-- Чынында жаштар арасында ажырашкандар көп болуп жатат. Анын биринчи эле себеби, саясый-экономикалык абал. Баш кошкондон кийин үй-бүлөнү материалдык жактан камсыздоо көпчүлүк учурда эркек кишинин мойнунда болот. Азыркы кризис, кымбатчылык маалында жетишерлик акча иштеп табуу кыйындады. Мында жубайлар, айрыкча эркектер стресске кабылып, алардын сексуалдык жөндөмдүүлүгү төмөндөп кетүүдө. Өзүңүздөр билгендей, үй-бүлөдө жубайлар ортосундагы сексуалдык мамиле негизги ролду ойнойт. Ошондуктан бул дагы ажырашуулардын санынын өсүп жатканына түз таасир этип жатат. Ошондуктан жаштар үй-бүлөнү пландаштырууну үйрөнүшү кажет. 

-- Үй-бүлөнү пландаштыруунун артыкчылыктары эмнеде ?

-- Медицинада үй-бүлөнү пландаштыруу деп ата-эненин бала жаратуу процессин, чечимин туюндурат. Тактап айтканда, бала төрөөдө ортодогу үч жылдык аралыкты сактоо эрежеси, бул эне-бала үчүн абдан маанилүү аралык. Үч жылда эненин организими толугу менен калыптанып, жетишпеген азык заттар ордуна келет. Экинчиден, үй-бүлөдөгү материалдык абал турукташып калат. Себеби, ар бир бала жарык дүйнөгө келгенде анын чыгымдары болот. Ошол эле тамак-ашы, кийим-кечеси, витаминдери, кокус тумоолоп калса дары-дармекке акча керектелет. Дагы бир негизги жагдай, баланын агачкы үч жылында эне бир гана ага көңүл буруп, мээримине бөлөйт. Эне-баланын ден соолугу чыңдалып, үй-бүлө бекем болот. Кыргыз үй-бүлөлөрүндө балдарды удаа төрөгөн учурлар арбын. Мунун негизги себептеринин бири аялдардын сактануу каражаттарын активдүү колдонбогонунда. Бала төрөөдө ортосундагы аралыкты сактоо, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу – үй-бүлөнү бекемдөөдөгү маанилүү фактор. 

-- Сактануу каражаттары Кыргызстанда жеткиликтүүбү, медицина кандай жаңы ыкмаларды сунуш кылат?

-- Негизинен дүйнөдө 30дан ашык сактануучу каражаттар бар.  Бирок, алардын бардыгы эле биздин мамлекетте жеткиликтүү эмес. Албетте, бизде сактануудагы эң көп колдонулуучу каражат презерватив, аялдын жатынына салынуучу спираль жана гормоналдык дарылар эсептелинет. Медицинада келиндерге төрөгөндөн кийин гормоналдык дарылар сунуш кылынат. Анын ден соолукка зыяны жок. Түгөйлөрдүн тандоосуна жараша болот. Жолдошу каршы болбой, келинчегинин ден соолугуна кам көргөн адам болсо, презервативдерди  пайдалануу ыңгайлуу, ошол эле учурда аялдарга арналган презервативдер дагы чыгып калган. Ал эркектер кийе турган каражаттан формасы жана көлөмү менен айырмаланат. Чоң жана аялдын кынына ылайыкталган. Бирок, азырынча биздин дарыканаларда жокко эсе. Ошондой эле кеңири жайылган гормоналдык таблеткалар бар, анын курамында бойго бүтүрбөөчү каражат болот. Мунун эки түрүн сунуш кылып келебиз: баланы эмизип жаткан учурдагы жана баланы эмизбей калгандан кийинки ичиле турган таблеткалар. Инъекциялык ыкма болсо укол түрүндө сайылат, аны 2 жана 3 айлык мөөнөттө колдонууга мүмкүн. Ар бир үч айда кайталанып турат. Мындан сырткары, бизде стерилизациялоо деп коёт, ушул ыкма акыркы учурда популярдуу болууда. Бирок, бул «балалуу болбойм» деген акыркы чечимден кийин гана жасалат. Анткени бойго таптакыр бүтпөйт, аялдардын жатын трубаларын бууп коёбуз. Андан сырткары, эркектердин дагы уруктук бере турган түтүкчөсүн бууп салса болот. Бул эркектин сексуалдык активдүүлүгүнө таасир этпейт. 

Негизи эле жогоруда сунушталган бардык каражаттар ден соолукка зыян келтирбейт, тигил же бул ыкма аял менен эркектин тандоосуна жараша аныкталат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер