Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Ташиев убактылуу унчукпай, күздө баш көтөрүшү мүмкүн

Генерал Ташиев убактылуу унчукпай, күздө баш көтөрүшү мүмкүн

16-апрель, 16:35
1 815 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Убагында Курманбек Бакиев да бийликке тымызын каршылык көрсөтүп, даярданып, анан эл көтөрүлө баштаганда лидер катары чыга келген. Ошентип, бийликке жеткен эмеспи...

     Ал эми Камчыбек Ташиевдин учурдагы абалы башкача. “Унчукпаган үйдөй балээден кутулуптур” деген ыкмада баратат. Бирок мунусу убактылуу көрүнүшпү? Адатта саясый күрөштүн түрдүү ыкмалары бар. Ташиевдин электораты бир эле Сузакта эмес, бүтүндөй республика аймагына жайылып кеткен. Аны жактагандар арбын. Соцтармактан байкап атпайбызбы, эгерде УКМКнын экс-төрагасын сындаган же жамандаган материалдар чыкса, дароо реакция жаралып, колдогондор дүрбөп кетүүдө. Эң негизгиси, генералдын финансылык ресурстары жетиштүү. Ошого катар олуттуу маалыматтарга ээ экени да жашыруун эмес. 

     Кыскасы, азыркы убакта оппозиция талаасында Камчыбек Ташиевге тең келе турган лидер жок. Ал жападан жалгыз чыйралып, табына келип турат. Натыйжада, келечекке карай кандай жүрүш салары – жеке саясый эркине байланыштуу. Убактылуу багынып берип, күз келгенде баш көтөрөбү?..

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер