“Журт бузулуп, нарк кетсе – бул акыр заман белгиси”

(Адеп-ахлак Арстанбектин көзү менен)
Көчмөн цивилизациянын улуу акыны
Арстанбек кыргыз көчмөн цивилизациясынын улуу акыны. Арстанбектин поэзиясы XIX кылымдагы акындар поэзиясынын кыл чокуларынын бири. Улуу акын өзүнүн даанышман поэтикалык акыл-эси менен улуттук төкмө поэзияны чоң философиялык бийиктикке көтөрүп таштаган. Арстанбектин поэзиясынын күчү анын терең философиялуулугунда, акылмандуулугунда, көрөгөчтүгүндө, көркөм кооздугунда. Буга анын атактуу «Тар заман», «Керээз» поэмалары, “Каңтарбай менен айтышы”, айтылуу санаттары жана термелери күбө. Даанышман ойлорго шыкалган, замандын социалдык драмаларын, трагизмин, улуттун тагдырынын көйгөйлөрүн, доордун карама-каршылыктарын, жакшылык менен жамандыктын, жарык менен көлөкөнүн, өмүр менен өлүмдүн күрөшүн ырга салган бул чыгармалар Арстанбектин уруунун эмес, улуттун акыны экендигин, Ала-Тоонун гана эмес, адамзаттын акыны экенин айгинелеп турат.
Чокуларды чапчыган философиялык-саясый ойломдун күчү
“Арстанбек – кыргыз адабиятынын чолпон жылдызы” деп айтылуу Тазабек Саманчин 1941-жылы эле акынга туура баа берген. Айтмакчы, казак акыны Каңтарбайга казак хандыгында:
«Бул орустун келгени,
Каада кандай, калк кандай?
Санаа кандай, салт кандай?
Ажың кандай, ал кандай?
Диниң кандай, ал кандай?
Ханың кандай, жат кандай?
Пашааң кандай, бай кандай?
Жакшың кандай, жай кандай?
Жайыт кандай, төр кандай?
Байың кандай, бар кандай?
Жардың кандай, жан кандай?
Бийлик кандай, бий кандай?
Болуш кандай, бой кандай?
Элиң кандай, эр кандай?
Замана кандай, эр кандай?
Эми, сенден тыңдайлы,
Айттым окшойт бир далай» деп кайрылгандыгынан эле Арстанбектин ойломунун кенендиги, интеллектисинин жогорулугу, философиялык-саясый ой жүгүртүүсүнүн күчтүүлүгү, акыл-эсинин чокуларды чапчыган учкулдугу таасын байкалып турат.
«Акындардын булбулу»
Арстанбектин ырчылыгынын философиялык мүнөзүн илгери «Санат ырга мыктысың» деп Чоңду акын биринчи белгилеген экен. Арстанбек Буйлаш уулу Түркстандын улуу акындарынын катарында турат десек жаңылышпайбыз. Алардан Арстанбектин айырмачылыгы да бар. Бул анын ааламда жок төкмөчүлүгү, булбулдугу. Даярдыксыз турган жеринде капыстан ыр саптарын нөшөрдөй төгүп, дал ошол кырдаалда акылман ажайып ойлорду, бутага таамай тийген көрөгөч көсөм идеяларды эл алдына таруудай жайнатып төгүп таштаган кайталангыс касиет – бул Ала-Тоолук акындын таңгаларлык бөтөнчөлүгү. Ошон үчүн Арстанбек “акындардын булбулу” деп аталган эмеспи. Керемет поэзия менен ажайып музыканы өз боюнда айкалыштырып көтөрүп жүргөн (Арстанбек 500дөн ашык күү черткен) укмуштуу инсан бу жарыкчылыктагы сейрек окуя.
Өзүнчө эле бир моралдык концепция, программа
Арстанбектин өзүнчө эле бир масштабдуулугу анын адамдын өмүр жашоосунун маңызы жөнүндөгү идеяларынын концептуалдуулугунан да көрүнөт:
Кайратың тоону бузса да,
Кашыгың көлдү сузса да,
Оозуңдан чыккан сөзүңө,
Зоо куланып учса да,
Эл менен сен адамсың.
Элден чыксаң жамансың.
Кабарың күнгө жетсе да,
Жылдызга колуң жетсе да,
Жараткандын дүйнөсү,
Бүт колуңа өтсө да,
Эл менен сен бийиксиң,
Элден чыксаң кийиксиң.
Арстанбектин бул ыры адамдын өмүр жашоосунун маани-маңызы пенденин жеке өзүнөн жогору турган кандайдыр бир бийик, ыйык элдик мүдөөлөргө, идеалдарга кызмат кылышында экендигин насыяттап турат. Ушундай болгондо сен бийиксиң. Эгер бардык күч-аракетиң коколой башыңдын кызыкчылыгы үчүн гана болсо, анда ээн тоодо жалгыз оттогон айбан кийикке тетесиң. Бүгүнкү жеке менчиктин, өзүмчүлдүктүн, турмушка пайдакечтик мамиленин, индивидуализмдин нугуна түшкөн заманда Арстанбектин мындай насыйкаты биз кармана турган моралдык-идеологиялык дөөлөт дегибиз келет. Бул жобону акындын:
«Зөөкүрдү чабар камчы бол,
Кургак жерге тамчы бол.
Дүлөйлөргө кулак бол,
Чөлдүү жерге булак бол.
Аргымак минген батыр бол,
Алсыздарга жакын бол.
Жетимдерге көмөк бол,
Канкорлорго касап бол,
Калп айтканга мазак бол.
Ууруларга айгак бол,
Ушакчыга сайгак бол.
Эрегиш чыкса, элчи бол,
Эл-журтуңдун кенчи бол.
Кара өзгөй болбой, калыс бол,
Кошоматтан алыс бол.
Жери жокко конуш бол,
Эти жокко союш бол» деген насыят-нускасы конкреттештирип, толуктап турат. Бул гуманисттик маңызга карк керемет саптарды тээ эзелтен бери келе жаткан «Канткенде адам уулу адам болот?» деген татаал түбөлүктүү суроону Арстанбектин индивидуалдуу чечмелөөсү катары кабыл алсак болот. Бул бизге мурасталып калтырылган өзүнчө бир адеп-ахлак программасы экенин туюнууга тийишпиз. Улуу акындын бул көрөгөч даанышмандыгы кытайлык Конфуцийдин мамлекеттин туруктуулугундагы моралдын ролу жөнүндөгү идеясы менен үндөшүп турат.
Арстанбектин мекенчилдиги же «акындардын булбулу» 1916-жылкы көтөрүлүштү идеялык жактан даярдагандардын бири
Арстанбектин дагы бир өзгөчөлүгү – бул анын мекенчилдиги, патриоттуулугу, жарандык – атуулдук бийик парасаты. Уулдук жүрөгү менен терең сүйгөн «салаалап аккан булагы, сапсары болгон тулаңы, сагындырган ыраңы» Ала-Тоо мекенинин бөтөндөрдүн бут алдында тепселишин түк көтөрө алган эмес жана бул кордукка ар дайым ичи өрттөнүп, чок болуп турган. Кээде ызага муунуп, мылтыкчан, замбирекчен колониалдык куралдуу армиянын алдында кечээки жоокер-баатыр кыргызынын кылычы менен найзасы «кыл эшпей» калганына ого бетер жаны күйүп, «ачып кирер көр кайда?» деп айласы куруп ыйлаган. Арстанбек көчмөн цивилизация менен буржуазиялык цивилизациянын күтүүсүздөн кагылышкан жеринде туруп ырдаган акындар поэзиясынын тарыхындагы эң трагикалык фигура. Ал кара башын канжыгага байлап, колониалдык доордун ачуу чындыктарын жана шумдуктарын эл алдына чыгып тайманбай ырдаган («Тар заман», «Каңтарбай менен айтышы»). «Кокондук алды көлүңдү, кокуйлатты элиңди», кийин падышачылыктын тушунда «Каптап тузду көтөргөн көлүк болду элибиз, башка чапса былк этпес өлүк болду элибиз» деген ыр саптары Арстанбектин кордукка, баскынчылыкка көз карандылыкка, кулчулукка чыдабай кыйкырган ачуу чаңырыгы, атуулдук руханий бунту жана жамандыкка каршы күрөшкө болгон чакырыгы эмей эмне? Акын Арстанбек 1916-жылкы элдик улуу көтөрүлүштү идеялык жактан даярдоочулардын бири десек жаңылышпайбыз. 1916-жыл Арстанбектин жарандык күйүтүнөн, арманынан башталган.
Арстанбекке таасир кылган тарыхый-турмуштук, маданий факторлор
Айта кете турган нерсе, илгерки өткөн даанышмандар, лидерлер, чыгаандар жөнүндө кеп болгондо, “караңгы доордо окубаса, институт, мектеп, университет дегендерди бүтпөсө, мындай бийик интеллект деңгээлин, жогорку акыл-эсти, билгиликтүүлүктү аларга ким берген?” деген таңгала айтылган суроолор дайыма коюлуп келет. Эгерде философиянын аталары Платон менен Гегелдин алиги окуусуна – табияттын, ааламдын түпкүрүндө абсолюттук дух, дүйнөлүк разум жатат, алар биринчи, а материя болсо анын туундусу, анын ичинде адам дагы ошол дүйнөлүк духтун материялизацияланган гана көрүнүшү, духтун кубулуп, затка айланышы дегенине ишенсек, анда Арстанбек улуу жаратылыш эненин кыргызга берген тартуусу болуп чыгат. Чынында эле улуу табият энебиз Арстанбекти оргуштаган тубаса талант, энергия жана орошон акыл-эс көрөңгөсү, гениалдуу интуиция менен жарыкчылыкка жараткан экен. Ошол жаратылыш берген оргуган табигый күч-кубат менен коомдук-социалдык тажрыйбалар, билимдер биригип Арстанбекти көкөлөтүп обого учурган.
Тарыхчы Белек Солтоноевдин калтырган маалыматында Арстанбек бала күнүнөн атактуу олуя Калыгулдун санат-нускаларын ырдап чыккан. Демек, ал башынан акылман Калыгулдан таалим алган. ϴз ырларында күбөлөгөнү боюнча (Чоңду акын менен айтышы) XIX кылымдын Келдибек, Акылбек, Назар сыяктуу залкар, чыгаан манасчылардын «Манасын», «Семетейин» угуп, эстен кеткис таасирлерди алган. Арстанбек «Манас» океанынан суу ичкен. Кокон ордосунда бир жыл жүрүп, отурукташкан Фергана цивилизациясы, маданияты менен таанышышы Арстанбектин акыл-эс горизонтун кеңейткен. Кийин кыргыз-казакты түгөл аралап, ак таңдай акындардын айтыш мектебинен өтүп курчуган. Калктар арасында дайыма оозеки түрдө көчүп жүргөн чыгыштын акылман притчаларына, тарых санжыраларына, икаяларына, кыргыз-казакты аралап жүргөн эшендердин, дервиштердин, календерлердин сөздөрүнө кулагы каныкпай койбогон. Акын өзү «карылардан кеп уктук, уламадан сөз уктук» деп бекеринен айтып отурган жок. Бир сөз менен айтканда, Арстанбек турмуштун өзүнүн мектебинен жана элдик маданияттын «оозеки университетинен» окуп жетилген жана такшалган. Ал көктөн дапдаяр болуп түшө калган эмес. Арстанбектин феномени тубаса жөндөмдүн, реалдуу турмуш сабактарынын, элдик улуу фольклордун таалиминин, этномаданияттын жана калк аралык адабий-маданий таасирлердин ширөөсүнөн бүткөн кубулуш экендигин эске тутууга тийишпис.
О Солтобай чырагым, нуска сөзүм таштаба!
Арстанбек Буйлаш уулунун көркөм казынасы тарбия-таалимге олуттуу омок болуп бере турган адеп-ахлактык ойлорго, этикалык асыл нарктарга бай. Өзү түзгөн, жараткан, баалап-барктаган ошондой бай рух дөөлөттөрү, адеп-ахлак байлыктары кийинки урпактарга кокус жетпей калса не болот (?) деп Арстанбек өмүрүнүн акырында катуу тынчсызданган. Ал «О дүйнө кетер окшодум, менин санатым айтар ким болот?» деп кабатыр болгон. Ал өзүнүн өлбөстүгүн тарыхый өтмө-катыштыктын салтынан, мындайча айтканда, кумдай куюлган нуска сөздөрүнүн келечек муундардын тарыхый акыл-эсинде жашап калышынан көргөн. Мына ошон үчүн өлүм алдында жаткан кезинде Арстанбек өзүнүн шакирти Солтобайга мындай деп акыркы керээзин айтып, өтүнүч кылган жайы бар:
Ичим толгон ырым бар,
Айтарга түрлүү сырым бар.
Жакшы чыктың Солтобай,
Ойлоп тургун ой тобо ай!
Келтирип айткын сөзүмдү,
Кейитпегин өзүмдү.
Таштабагын сөзүмдү,
Таарынтпагын өзүмдү.
Менин айткан кебимди
Көкүрөккө жат алгын,
Оо Солтобай чырагым!
Нуска сөзүм таштаба,
Жеткире айткын маанисин,
Кайран булбул сөзү деп,
Артымда элим таанысын.
Айтылып калса калкымда,
Арстанбек кайдан карысын.
(Уландысы кийинки санда)
Советбек Байгазиев
"Азия Ньюс" гезити