Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт

Кыргызстанда 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт

06-сентябрь, 17:33
1 270 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда 100дөн ашуун диний билим берүү мекемеси иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев президент Садыр Жапаров менен жолукканда айтты.

“Ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырат. Бул багытта Кыргызстан мусулмандар дин башкармылыгынын ролу өтө чоң. Мына ушул жаатта башка жамааттардын башын бириктирип, аалымдар жана казылар менен бирге иш алып баруу зарыл” деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы ошондой эле, диний билим берүүнүн сапатын арттыруу зарылдыгын айтты.

Муфтий Замир Ракиев экстремизмге каршы турууга, конфессиялар ортосунда тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, этникалык жана диний араздашууга жол бербөөгө салым кошо турган руханий агартуунун олуттуу бөлүгү катары кызмат кыла турган Ислам академиясын куруунун маанисин белгиледи.

Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2,5 миңдей мечит, 100дөн ашуун медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде. Жалпысынан өлкөдө 3257 диний уюм каттоодон өткөн.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер