Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыяз Молдокасымов: “Арак ичүү жагынан Абдылда акемди артка калтыргам”

Кыяз Молдокасымов: “Арак ичүү жагынан Абдылда акемди артка калтыргам”

23-февраль, 13:27
4 678 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


Кыяз мырза акыркы кезде багбанчылыкка өтүп, иштин “көзүн” издеп жүргөн кези. Биздин рубрикабыздын коногу болуп, кээ бир суроолорубузга ыңгайсыз абалда калганын билдирбесе да сыртынан байкадык. Баарыбыз эле пендебиз го. Өзгөчө “ала жипти” аттагандагы жообу кызык болду.  

-- Үйүңүздө ким кожоюн? 

-- Албетте мен. Үйдөгү олуттуу маселелердин бардыгын өзүм чечем, калган майда-чүйдө маселелер болсо келинчегим өзү эле чечип келет. Бирок, ушул убакытка чейин үйдө мен чече турган бир да олуттуу маселе боло элек (күлүп). 

-- Үйгө кеч барганда аялыңыздан заарканып турасызбы?

-- Кудайга миң мертебе шүгүр, үйгө кеч келгенде эле эмес, кээде таң атканда келсем да жубайым заарканта турган мамиле жасабайт. Ошондуктан кээде эркиндикти ашыра пайдаланып жибергеним үчүн өзүмдү ыңгайсыз сезген учурларым болот. 

-- Эркектерге тийешелүү кайсы жумуштарды аткара аласыз?

-- Эми чынын айтсам, кабат үйдө жашагандан улам сантехника, электр, устачылык жагынан шыгым анча эмес. Бардыгын адистерди же тааныштарды чакырып бүтүртөм. Ал эми жашыман баштап талаачылык, багбанчылык жагына жакын болгонум үчүнбү, андай жумуштарды катырам. Ошондуктан кабат үйгө камалып жата бербей, “Азаттыкта” иштеп жүргөн учурда үй албай, үлүш жер алып койдум эле. Ошол жериме 10 жылдан бери тынбай көчөт тигип отуруп, бак кылып алгам. Азыр ошол бактарымды катыра бутап, караган жагынан алдыга киши салбайм. Анан айылда чалгы чабуу боюнча да эң алдыңкылардын шаштысын алып, чемпион атыккан жайым бар

-- Мал сойгонду билесизби?

-- Айылда өскөнүм үчүнбү, кой союп, аны жиликтегенди билем. Бирок, соңку жылдары базарга барып кой алсам, ал жердеги жигиттердин жумушун талашпай сойдуртуп, жиликтетип алып жүрөм. 

-- Жакалашып, мушташа кеткен учурларыңыздан айтып берсеңиз?

-- Эми мектепте окуп жүргөндө, студенттик жылдары андай учурлар көп эле болгон. 1-класста биз “А” класс болуп баштап, көп өтпөй “Б” класс болуп калганыбыз да мушташтын айынан улам болгон. Кошуна “Б” класстын балдарын биз “А” класс айгыр, “Б” класс бээ” деп мазактап, ортодо чоң мушташ башталып, анан ал окуя биздин “Б” класска айлануубуз менен аяктаган. Анан “өйдө жак, ылдый жак” деп бөлүнүп алып мушташкан учурларыбыз болду. Классташ кыздарыбызды сырттан кол салган “душмандардан” коргойбуз деп жакалашып мушташкан кездер болду. Анан тамеки, пахта терүү үчүн башка райондорго келип иштеткен кезде сөзсүз бир-эки жолу жергиликтүүлөр менен мушташчубуз. Өзгөнгө майрамдарда келгенибизде өзбек балдар тонойбуз дегенде мушташ менен аяктачу. Анан жашымдан эле маселени муш менен эмес акыл менен чечкенге аракет кылганым үчүнбү, эмнегедир көгала болуп катуу мушташкан учурлар эсимде жок.

-- Келинчегиңиз менен кандайча табышып калгансыз?

-- Келинчегим Жалал-Абадда менин бир тууган абжем менен бирге иштечү. Бишкекке отчетторго бирге келген учурда таанышкам. Анан абжем “мүнөзү жакшы” деп мактай берчү. Акыры Ош шаарынын 3000 жылдыгын белгилеген соң, досум Тынчтыкбек Чоротегин менен Жалал-Абадга барып, келинчегимди абжемдин үйүнө чакыртып, манты жасатып, анан төргө менин жаныма отургузуп, жоолук салып, Өзгөндү көздөй жөнөгөнбүз. Андан соң Бишкекке келдик. Ошентип табышып калганбыз.

-- Достор менен кыз ала качтыңыздар беле?

-- Чынын айтайын, андай процесске шаарда жүрүп көп аралашпай калдым. Бир гана Улан деген кочкорлук группалаш досум бар, “Турар” басмаканасынын кожоюну Тилек досумдун иниси. Ошол досум үйлөнгөндө аяшым Замираны эжесинин үйүнө чакырып алып келгенден кийин мага кабар айтышып, анан Кочкорго чогуу алып кеткенбиз. Ошол алып качканга бир аз жакындаган. Кыздын үйүнө келип, сүйрөп чыгып машинага салып, ала качуунун классикалык үлгүсүнө катышпай калдым.

-- Ичимдик жагына кандайсыз? 

-- Ал жагынан эл катары. Мен ичкилик боюнча бир окуяны айтып койсом, Кожогелди Култегин аны укмуш көркөмдөп айтып келет. Ал мындайча болгон. Мен КМУнун тарых факультетин артыкчылык диплом менен аяктап, айылга барсам балдар таңкалган деле жок. Аспирантурада окуп да, кандидаттык диссертация жактап да таңкалтырып, өзгөчө авторитетке ээ болбодум. Анан бир жолу эс алуу учурумда мени Абдылда деген Рабкоптун төрагасы болуп иштеген агам чакырып сыйлап калды. Раматылык Абдылда акем өзү өтө олбурлуу келип, арак ичүү жагынан ага эч ким тең келчү эмес экен. Биздин эртең менен башталган сый дасторкондогу отурушубуз күүгүм киргенде аяктады. Арак тартыш мезгил эле. Экөөбүз Өзгөндүн баркыт пивосун аралаштырып бир ящик аракты түгөттүк окшойт. Анан акыркы стаканды ичкен соң раматылык Абдылда акем отурган жеринде сулады. А мен үй-бүлөсү менен жакшынакай коштошуп, короосунан чыктым. Ошол-ошол болду, эртеси өз айылым Көлдүккө барсам, айылдагы балдардын бардыгы эле келип мени куттуктап, колумду кармашат. Көрсө, бизди сыйлап, арак куюп жүргөндөрдүн арасында айылдаш инилер бар экен, ал барып мени “арак ичиш жагынан Абдылда акени артка калтырды” деп айтып салган экен. Ошентип мен билим жагынан эмес, ичимдик жагынан айылда “авторитетке” ээ болгом. Мындай окуялар көп эле болду. Азыр эми көп ичпей калган учурум. 

-- Мас болгондо кээ бирлер ыйлайт экен, дагы бирөөлөр күлө беришет экен, сизчи?

-- Мен экөөнө тең кошулбайм. Тескерисинче, салмактуу болуп, акыл-эсим, жүрүм-турумум өзгөрбөйт деле. “Азаттыкта” иштеп жүргөн учурда радионун коопсуздук кызматынын жетекчиси, жогорку чиндеги офицери Бишкекке келип, бир күнү экөөбүз аябай ичтик. Ичкен сайын ал суроолорун тереңдетип, менин сырларымды, айрым нерселер тууралуу сурап, билгенге аракет кыла баштады. Бирок, менден эч ашыкча маалымат ала албады көрүнөт, ызалана “эми токтотолу, экөөбүздүн сүйлөшүүбүз ушул жерде калсын” деп, жоопторго ыраазы болбой мейманканасына кеткени эсимде. Ошондуктан ичкендеги учурум менен соо жүргөндөгү учурумда анча деле айырма болбойт. 

-- “Ала жипти аттабаган эркек болбойт” деп коюшат экен мырзалар. Сиз дагы ошондойсузбу?

-- Эми азыр “аттаган эмесмин” десем, “кантип эле аттабасын?” деп ишенбегендер чыгат. “Аттадым” десем, “кантип эле ушундай жолго барсын?” деп ага да ишенбегендер чыгат. Ошондуктан бул суроону жоопсуз эле калтыргым келет. Ар ким өз оюнда, мен да өз оюмда эле калайын бул маселе боюнча.

-- Болбой эле кыздар сөз айткан учурлар болсо керек?

-- Эми ар кандай учурлар болот экен жашоодо. Кээде сен бирөөнү жактырып калган, кээде сени бирөө жактырып калган... Сөз айткан учурларга түшүнүү менен мамиле жасап келем. Анүстүнө биз да чыгарамачыл адамдардын арасындабыз деп сезебиз өзүбүздү. Чыгармачыл адамдарда маал-маалы менен ар кандай сезимдер жаралып, ал чыгармачылыкка түрткү болору турмуш чындыгы. Бирок ар бир адамда үй-бүлө, өмүрлүк жубайың биринчи орунда турушу керек деген ойду, пикирди карманам.   

-- Сулуу кыздарды көргөндө кандай абалда болосуз?

-- Албетте, суктануу абалында болом. “Сулууга суктанбаган жүрөк болбойт” деген менен толук макулмун.

-- Жубайыңыз кызганабы?

-- Албетте кызганат. Бирок өтө эле бейжайланып, ызылдап кызганбайт. Бардыгы ичинен. Үй-бүлөдөгү чырдын көпчүлүгү кызгануудан улам болорун көрүп, угуп келебиз. Бирок, бизде бүгүнкү күнгө чейин кызгануудан улам таарынышуу же чыр болгон жок. Тфү-тфү деп коёюнчу. 

-- Өз колуңуз менен там салгансызбы? 

-- Азыркыга чейин там сала элекмин. Бир учурда Бишкектин четинен жер бөлүштүрүүдө мага да тийген. Бирок, там салбадым, ал жерди кийин кошунам сураганынан берип койгом. Эми буюрса бактын бир бурчуна жеңил конструкцияда там салып алсам деп кыялданып жүрөм.

-- Стресске түшпөгөн адам болбосо керек, сиз андан кантип чыгасыз?

-- “Азаттыкта”, КТРКда иштеп жүргөндө өтө опурталдуу учурлар да болду. Өмүрүмө коркунуч жаралган мезгилди да баштан кечирдим. Кызматтан бошотуп, жумушсуз жүргөн кездер да болду. Ошол кездерде бильярд ойноп, балыкка байма-бай чыгып, достор менен чер жазыша сүйлөшүп, үй-бүлөм менен балдарымдын күлкүсүнөн, эркелегенинен кадимкидей эс алчумун. Анан тарыхта жаңы бир табылга табылып, аны ар тараптан изилдеп, макала жазуудан кадимкидей эс алчумун. Азыр илим жаатында иштегеним үчүн мурдагыдай стресс да жок. Чарчаганда, жумуштан кийин, демалыш күндөрү бильярд ойноп, бакка барып кетмен чаап, бутап, чылкылдап тердеп, жыргап эс алам. 



Сурат Жылкычиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер