Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мэр Эмилбек Абдыкадыров иштеп турганда, бийликке душмандын деле кереги жок

Мэр Эмилбек Абдыкадыров иштеп турганда, бийликке душмандын деле кереги жок

27-октябрь, 09:00
580 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарын өнүктүрүү жагынан үмүт деле калбай калды. Бүтүндү бүлдүрүү, ашмалтайын чыгаруу адатка айланып калгандай. Соңку убакта тротуарларды казып-челишип, кайра убагында жасабай, жумалап, айлап жатып калууда. Негизи брусчатка төшөгөндүн ордуна асфальт басышып, анысы да түз эмес, чампалап салышканы кандай? Мунун баары мэр Эмилбек Абдыкадыровдун чалагайым башкаруусундагы “ишмердиги”. Ырааты менен тез бүтө турган жумуштар шалаакылыкка кабылып, айлап созулганы көнүмүшкө айланды. Ал эми коомдук транспортторго окуучулар, кары-картаңдар батпай, дайыма тыгылыш абалда жан кейитет. Мындайда чөнтөкчүлөр да аралашып, телефонуңду, капчыгыңды уурдап кетет. Шаардын ортосунан сыртына чыгуу үчүн сааттап жол жүрүү көнүмүшкө айланды. Ыксыз эле сары сызыктар сызылууда. Эл аралык стандартка биздин жолдор жооп бербесин булар түшүнбөйбү? Тыгын көйгөйүн чечүүнү эч ким ойлонгон да жок. Айтор, айта берсе арман көп. Жыйынтыгында, мэр Эмилбек Абдыкадыров элдин жашоосу үчүн жөнөкөй шарттарды түзө албай, чайналып келет. Көпчүлүк кыжырданып аткан чагы. Бийликтин рейтингине сокку урулууда. Кыскасы, мындай мэр иштеп турганда душмандын деле кереги жок окшойт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер