Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элвира Сурабалдиева: “Жапаров Сооронбай Жээнбековду коргой баштады”

Элвира Сурабалдиева: “Жапаров Сооронбай Жээнбековду коргой баштады”

07-октябрь, 12:03
878 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Депутаттык корпус экиге бөлүндү. Биринчи топко басым жасалууда. Бул тууралуу “Репортёр” басылмасына Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева билдирди. Анын айтымында, 6-октябрдагы “Достук” мейманканасында өткөн парламенттин кезексиз жыйынында кворум болбогондугуна карабай, алар жаңы төрага менен премьер-министрди шайлашкан.

“Баары жабык эшик артында чечилди. Биз Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы кезексиз жыйынга чогултууга аракет кылабыз. Бирок, алардын көбү буга муктаж эмес, анткени алар өздөрүнүн саясый кызыкчылыктарын көздөшүүдө. Анткени 120 депутаттын 100ү парламенттик шайлоого катышты” деди ал.

Ошондой эле ал Акүйдү басып алууга бир дагы партия катышпагандыгын белгилеп өттү.

“Кагылышуу башталып, көздөн жаш агызуучу газ, үн граната колдонула баштаган кезде, азыр ар бир мекемени басып алып өзүн жетекчи катары көрсөтүп жаткандар качып кетти. Мунун баарын бир-эки саясатчы кызмат бөлүштүрүү үчүн атайын уюштурушкан. Бизге люстрация керек. Биз – жаштар биригип, баарын мыйзам чегинде жасоого тийишпиз. Кызмат бөлүштүрүү жана мамлекетти талап-тоноо катары башаламандык болуп жатат” деди ал.

Ошондой эле ал абактан чыгып, премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Садыр Жапаров тууралуу да өз пикирин билдирип, ал азыр президент Сооронбай Жээнбековду коргоп жатканын айтты.

“6-октябрга караган түнкү башаламандыкта Камчыбек Ташиев Жээнбеков менен 7 пайыздык барьерден өтүү үчүн соодалашкан. Эми Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековду коргоого өттү” деди Сурабалдиева.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер