Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Биз сунуштаган мыйзамды төрт айдан бери өткөрбөгөнгө аракет кылышты”

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Биз сунуштаган мыйзамды төрт айдан бери өткөрбөгөнгө аракет кылышты”

20-февраль, 18:02
526 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатыпсыздар.  Анын максаты эмнеде?

-- Өзүңүздөр билесиздер, биздин жолдорду бузулуудан сактоо үчүн атайын таразалар орнотулган. Бирок, алар канчалык иштеп жатат? Ал жерде бир топ коррупциялык схемалар болгон. Анын натыйжасында жолдор бузулууда. Биз болсо кайра кредит алып, кайра эле ошол жолдорго сарптап жатабыз. Эгер биз ошол коррупцияга бөгөт коюп, маселени адам чечпей, техника чече турган кылып койсок, таразалар толугу менен иштейт, жолдор бузулбайт, кайра-кайра кредит албайбыз. Биз тышкы карыздарыбыздын көпчүлүк бөлүгүн, 2,5 миллиард долларды жолго сарптаптырбыз. Маселен, Ош--Бишкек жолун алып көрөлү. Ал аягына чейин салынып  бүтө элек. Бүткөн жагы болсо бузула баштады. Анын эң башкы себеби, таразалар иштебегенине байланыштуу жүк ташуучу машиналардын каалагандай жүргөндүгү. Таразага кирбей, чети менен өтүп барып, ар кандай жолдор менен чөнтөк толтуруу системасы гана иштеп калган. Ошол системаны жоёлу деп жатабыз. Биздин максат айып пулду көбөйтүп, элден акча жыйноо эмес. Эгер айып пулдун көлөмүн чоңойтуп койсок, бир жолу бузгандар, балким, өзү буза элек болсо да башкаларды көргөндөр “кой, айып төлөп калам” деп ойлонот. 

-- Негизги жолдорго  канча тараза орнотулган?

-- Азыркы учурда 18 пунктта таразалар турат. Алардын иштешин мен өз көзүм менен көрүп келдим. Баары эле толук иштебейт экен. Иштесе да азыркы талапка жооп бербейт. Жооп бергени сегиз эле. Азыр жок дегенде ошол сегизин автоматташтырылган системага кошуп алалы деп атабыз. Бара-бара он сегиздин баары кошулат. 

-- Таразага байланыштуу мыйзам бузуулар аябай көп катталганына карабастан,10 млн. сом эле айып пул жыйналыптыр. Мунун себеби эмнеде?

-- Ооба, 20 миң мыйзам бузуу болсо, болгону 6 миң гана протокол түзүлгөн. Бул “14 миң протоколдун акчасы сол чөнтөкө кетти” дегенди билдирет. Ошон үчүн бул мыйзамды төрт айдан бери өткөрбөгөнгө аракет кылышып, өздөрүнүн мыйзамын алып келишип, мен озунуп сунуштап ийгеним үчүн гана долбоор бүгүн каралып калды. Министрдин орун басары менен департамент жетекчиси кармалганы да түрткү болуп кетти окшойт. Себеби, көмүскө схемалар бар эле. Компаниялардын жетекчилери таразаларга акча төлөбөй эле “ушул машиналар өтүшү керек” деп тизме гана берип коюшчу. Ал машиналар тынымсыз өтүп турушкан. 

-- Көзөмөлдөө системасы транспорт министрлигинде болбоого тийиш дедиңиз, анда кимде болушу керек?

-- Байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин, ИИМдин, МККнын бириккен комиссиясы болсун деп жатабыз. Эгер жалгыз транспорт министрлигинде болсо, кайра эле анын жетекчилери менен жең ичинен сүйлөшүп, кайра эле коррупция боло берет. Азыр “Коопсуз шаар” долбоору киргенде эч ким сүйлөшө албай калбадыбы. Таразалар да ошондой системада иштеши керек. 

-- Өкмөт макулбу?

-- Мурда макул болбой жатышкан, азыр макул. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер