Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өзбекстанда ооруканадагы жарылуудан кыргыз жараны каза болду

Өзбекстанда ооруканадагы жарылуудан кыргыз жараны каза болду

14-февраль, 16:51
734 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзбекстанда ооруканадагы жарылуудан 56 жаштагы кыргызстандык аял каза болгонун 14-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 11-февралда Анжиян облусунун Шахрихан районундагы «Зитерия» жеке дарылоо-дарт аныктоо борборунда болгон газ-аба аралашмасы жарылган.

Өзбекстандын Жазык кодексинин 257-беренесинин (“Эмгекти коргоо эрежелеринин бузулушу”) негизинде иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы жеке клиникадагы жарылуудан кеминде бир бейтап каза болгонун, ал 56 жаштагы аял экенин, жарандыгы аныкталып жатканын буга чейин кабарлаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер