Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Исабеков, экс-депутат: “Акылбек Жапаров сандарды сыйкырлаган финансист”

Кубанычбек Исабеков, экс-депутат: “Акылбек Жапаров сандарды сыйкырлаган финансист”

01-декабрь, 20:56
626 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кубанычбек Сатындиевич, эмне үчүн Дордойдун соодасы токтоп, Казакстандагы Хоргос өнүгө баштады?

-Мен Хоргосту жакшы билем. Ал жердеги чек ара заставасында армияда кызмат өтөгөм. Хоргостун өнүгүшү Казакстанга чоң жакшылык алып келди. Биздин өкмөт чабалдыгынан Хоргоско альтернатива болгон базар жасай алган жок. Ат-Башыга куралы деген логистикалык борборго да НПОлор, Ат-Башынын эли да каршы чыгып, курдурбай койгон. Эгер ошол борбор курулуп калганда, Хоргостун экинчиси Кыргызстанда болуп, валюталар сыртка чыкпай өзүбүздө калмак. Эл жумуш менен камсыз болмок. Ошол жагын эстегенде кээде мен да элге түшүнбөй кетем. Табигатыбызды да сактайлы, бирок караманча каршы боло бербей, элди жумуш менен камсыз кылган долбоорлорду да эске алышы керек. 

Кезинде Дордой базары Орто Азия боюнча чоң базар эле. Азыр Дордойдун келечеги чоң суроону туудуруп калды. Ошол жерден үй-бүлөсүн баккандар сооданын жоктугунан кыйнала башташты. Нөлүнчү катардагы контейнердин баасы мурун бир квартиранын баасынан жогору болсо, сооданын жоктугунан азыр арзандады. Соода-сатыктын кескин азайышынан арендасын же салыгын төлөй албай контейнерин арзан сатууга аргасыз болушууда. Бул жагдай жумуш орундарынын кыскарышына алып келүүдө. 

-- Кубанычбек Сатындиевич, мамлекетте бюджет көбөйүп, өнүгүп-өскөнү сырттан караган кишиге байкала баштадыбы? 

-Бул маселенин жакшы да, терс да жагы бар. Жакшы жагы: мамлекеттин бюджетиндеги акча чындыгында эле көбөйдү. Муну эч ким тана албайт. Көмүскөдөгү акчалар кыскарып, ачыкка чыкты. Бюджетке акчанын түшүшү, көбөйгөнүн жолдордун салынып жатканынан билсек болот. “Манас” аэропортуна да чакан самолётторду сатып ала башташты. Ошондой эле Кыргызстан боюнча жарактан чыккан чакан аэропорттор оңдоо-түзөөдөн өтүүдө. Түштүк-түндүк альтернативалуу жолу курулуп, Бишкек шаарында дагы өзгөрүүлөр болуп, жаңы автобустар алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине да көптөгөн техникалар келди. Пенсия, пособие, айлык көтөрүлдү. Бул бийликтин жакшы жагы. 

Ошол эле маалда кемчилигин да айтыш керек. Мамлекет бай болуп, жарандар кедей болгон дүйнөдө болбойт. Экөө тең бирдей болушу керек. Азыр ишкерлерди кысуу башталды. Дүкөнү жок болсо деле анча-мынча бизнестерге ККМди колдонууну милдеттендирип жатышат. Мурункудай патенттер жоюлду. Айтор, кичи жана орто бизнестегилердин тапканы азайып, төлөгөнү көбөйдү. Мунун баары ишкерлердин нааразычылыгын жаратууда.

Туура, дүйнөлүк кризис болуп жатат. Россия менен Украинанын ортосундагы согуш да жалпы коомчулукка таасир этти. Израиль менен Газадагы жагдай да дүйнөдө абал тынч эмес экенин көрсөтүп жатат. Андан мурун пандемия болду. Бирок, элдин ишинин жакшырышына шарт түзүшүбүз керек да. Антпесе, карапайым эл өндүргөн продукциясын сата албай, чыгымын жабалбай калды. Маселен, Ысык-Көлдө элдин өндүргөн картошкасы арзан болуп, кетирген күйүүчү майын актай албай же кредитин төлөй албай, арендасын бере албай калышты. Чек аранын бирде ачык болуп, кээде жабылып калганынан эл жапа чегүүдө. Өкмөт бул маселени коңшу мамлекеттер менен чече албай жатат. Кыскасы, ЕАЭБге киргенибиз менен ага мүчө болгон мамлекеттерде ачык чек ара жок. Бириирине тоскоолдук жаратып, үстөмдүк кылып жатышат. Айтор, жетишкендиктер менен катар катачылыктар да арбын болууда.

-- Акылбек Жапаровдун отчёту купулуңузга толдубу?

-Отчётун көрдүм, депутаттар ураалап кабыл алып, колдоп беришти. Акылбек Жапаров сандарды сыйкырлаган финансист да. Элди өзүнө тартып ала турган ораторлук чеберчилиги да бар. Отчётун бир карасаң көрүнүшү жакшы. Бюджеттин көбөйүп жатканы, 2024-жылы дефицит жок болот дегени колдой турган иш. Бирок, өкмөт мүчөлөрүн тез-тез алмаштырганды токтотушу керек. Мисалы, Бишкек шарында эле үч жылдын ичинде 7 мэр болду. Мээлейдей алмаштыра берген туура эмес. Депутаттар да отура бербей, сунушун, кемчилигин айтышы керек болчу. Жамандай бербей бюджетти толтуруу мүмкүнчүлүгүн айтып, каржы булактарынан түшкөн каражаттар туура колдонулуп жатабы же жокпу?” деп өкмөттүн катачылыгын да сурап турушу керек. Депутаттардын бири да жарга такаган жок. Демократиялык мамлекет курабыз дегенден кийин эч кимге коркунуч келбеши керек. Инвесторлорго да, ишкерлерге, жөнөкөй жарандарга да кооптуулук жаралбашы шарт.

Бийликтегилер да сынга терикпей, туура кабыл алып, кемчиликтерине чычалабаганы оң. Эл да жамандыкты эле айта бербей, жакшы иштерин да колдоп, пейилди оңдошу керек деп ойлойм


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер