Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШнын саясатын жүргүзгөн кыргыз президенттери бандиттерден ашып түшүшкөн

АКШнын саясатын жүргүзгөн кыргыз президенттери бандиттерден ашып түшүшкөн

10-июнь, 09:00
368 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коррупциялык жана мафиялык өлкөгө айланган Украина менен Кыргызстандын кандай айырмасы бар? Экөө бирдей АКШнын колониясы болгондуктан, кылмыштуулук аябай күчөгөн. 30 жылдан бери чогулган кылмыш иштери президент Садыр Жапаровдун убагына туш болгондуктан, коррупция, мафия, кылмыштуулукка каршы күрөш жүрүп жатат. Ал эми Украинада болсо кылмыштуулукту колдоп турган АКШнын жардамы менен мамлекети талкаланып, эли чачырап калды. Согуштук курал-жарактарын жана техникаларын жөнөтүп турган АКШнын жүздөгөн миллиард долларын алган улутчул фашисттер Украинаны талкалап, Россия менен согушуп жатышат. Согуштук операциялар аяктагандан кийин фашисттер жазага тартылары күтүлүүдө. АКШнын бандиттик саясатын жүргүзгөн кыргыз президенттери бандиттерден ашып түшүшкөн. Алардын уурдаган миллиарддары экономиканы өлтүрүп, элди жакырчылыкка алып келди. 

Жашоосу өтпөй калган миллиондогон кыргыздар дүйнө жүзүнө чачырап кетишкен. Кыргыз бийлигине кайрадан кайтып келүүнү көздөгөн саясый бандиттер ар кандай уюмдарга биригишип күч топтоодо. Керек болсо чет элдик капиталисттерди тартып келип чыр чыгарганга даяр. Ушулардын жетегинде жүрүп, ушуларга ишенген карапайым кыргыздарга кыйын болду. Мамлекетти талап-тоноп кетишкен президенттерди жазага тартмак тургай, аларга кошомат кылып келатышат. Анткени мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук эбак жок болуп, тескерисинче, кылмыштуулук күчөгөн. Бирин-бири “кустуруп”, чөнтөктөрүн кампайтып алуу – өзүнчө бизнеске айланды. Бул жерде айтылгандарды бизден жакшы билген капиталисттер Украинага берген жүз миллиарддын бир эле миллиардын Кыргызстанга бөлүп койсо, геосаясатты түшүнбөгөн кыргыздар көтөрүлүп чыгышат эмеспи. Өзүн-өзү жок кыла берген кыргыздарды карап турушса, бир чети кызык да. Кыргызстанды жок кылууну көздөгөн АКШнын саясатын жүргүзгөндөргө кошомат кылып, алардын согуштук авиабазасын айдап чыккан экс-президент А.Атамбаевди түрмөгө камоо – кыргызга кылган душмандык болуп эсептелет. Кыргызда Манас сыяктуу баатырын түрмөгө камап, эл душмандарын улуттук баатырына айлантып алган көкмээлик болгон эмес. Андай көкмээликке жол берген Украина талкаланып жок болгону калды. Алардан кийин кезек бизге келиши мүмкүн. Анткени Кудай баарын көрүп турат да. Орустардын “Умные волосы покидают дурную голову” деген макалы болсо, кыргыздардын “Жеке таз менен жети таз” деген жомогу бар.  А.Акаев менен К.Бакиевди алып келгиси келген жеке таз А.Атамбаевди жактырбай калган экен, аны колдоп кетишкен жети таз гезит беттерине батпай калышты.     

Алардын ою боюнча президент Садыр Жапаров кошоматчылардын хоруна кошулуп, Кыргызстанды талкалап кеткен А.Акаевди, кыргыз элин кырып кеткен К.Бакиевди алып келип, Кыргызстанды калыбына келтирген А.Атамбаевди түрмөдө кармашы керек экен. СССР убагындагы цивилизациядан качкан кыргыздар АКШны “обожать” этишип, коррупциянын сазына батып калышты. Буларды сууруп чыгыш үчүн президент Садыр Жапаров коррупция менен мафияны, кылмыштуулукту жок кылышы керек. Эгер колунан келбей баратса, В.Путин баш болгон Россия жардамга келиши мүмкүн. В.Путин, С.Жапаров, А.Атамбаев үчөө бириксе, күчтүү команда түзүлөт.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер