Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте бүгүн таксисттер чыгышты, эртең кимдер?

Бишкекте бүгүн таксисттер чыгышты, эртең кимдер?

27-апрель, 12:30
824 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкектеги таксисттер өзгөчө абал режимине карабай жумушка чыгышты.

Алар мындан ары чыдай албайбыз деп Kaktus.media редакциясына билдиришкен. Тизилип турган таксилерди оорукана, дүкөндөрдүн, чакан базарлардын жанынан кезиктирүүгө болот.

Таксисттердин айтымында, карантинге чейин жүргүнчүлөрдү ташуудан тышкары, башка иш-аракеттер менен алектенишкен. Бирок азыр алардын баары жабылып, аларга маянанын бир бөлүгү гана төлөнүп берилген. Жеке унаа менен гана алектенип, бир күндүк кирешеси барларга мындан да оор болуп калышты.

Айдоочулар азык-түлүк пакетин алуу үчүн арыздарды бир нече мамлекеттик, жеке уюмдарга жөнөтүшкөн, бирок бир айдын ичинде аларга эч нерсе алып келишкен эмес. Такси айдоочулар гуманитардык жардам алуучулардын тизмесинде акыркы болуп саналарын билдиришти.

Кыргызстанда өзгөчө абал режими жарыяланганына бир айдан ашты. Өткөн аптада Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев краантин убактысы бүтсө, эң оболу күнүмдүк киреше тапкан жарандарга иштөөгө уруксат берилерин айткан. Комендант санаган тизмеде такси кызматы да бар.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер