Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таалай Сариев: “Элге кызмат кылышыма Камчыбек Жолдошбаевдин салымы чоң”

Таалай Сариев: “Элге кызмат кылышыма Камчыбек Жолдошбаевдин салымы чоң”

06-декабрь, 19:30
390 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаардык кеңештин депутаты менен маек.

-- Таалай мырза, ордо калаада төрт район бар. Анын баарынын аталыштары кыргызча эмес. Ушу маселени кайсы бир учурда көтөрүп, “аталыштарын өзгөртүп, бизге белгилүү инсандардын наамын ыйгарсак болот эле” деп чыккансың. Аягы эмне болду?

-- Бул маселени мурунку чакырылышта көтөрүп чыкканым анык. Ар бир кыргыз жараны өз элин, жерин сүйүп, урматтап, патриот болуусу кажет. Ата-бабадан келаткан каада-салтты, үрп-адатын жаңылап, жакшы жашоо багыт алганга учур келди. Эл тарабынан абдан чоң колдоо тапкан президентти шайлап алдык. Жакшы иштерге батыл киришип, алгачкы натыйжалары жаман эмес, жакшыны “жакшы” деп эле айтсак болот. 

Албетте, ордо калаабыздагы төрт райондун атын өзгөртүү мурдатан эле демилгеленип келген эле. Бирок, демилге жерде калып, улам артка жылдырылып, башка маселелер менен алек болуп кетип атабыз. Анын объективдүү жана субъективдүү себептери, тереңинен алсак, каражат маселесине такалган жайлары болуп атат өңдүү. Шаардык кеңештин депутаты катары айтарым, ордо калаабыздагы төрт райондун аттарын өзгөртүү – учурдун талабы болуп тургансыйт. Ырас, Москва деле бир күндө курулган эмес. “Атын өзгөртүп койгондун эртеси эле гүлдөп кетет” дегенден алысмын. Бирок, аттарын өзгөртүүдө чоң жоопкерчилик пайда болорун эске алганыбыз оң. Келечек муун Свердловдун ким экенин, шаарыбызга же мамлекетибизге кандай салым кошконун билбесе керек. Эмне үчүн өзүбүздүн мамлекет түзүлүшүнө, калыптанышына салым кошкон, көздөрү өтүп кеткен азамат инсандарыбыздын аттарын койсок жарашпасын? Башка улуттун тарыхын, адамдарын билгенден мурда өзүбүздүн ата-тегибизди билсек сонун болгону турат. Эмне үчүн бир районго Чыңгыз Айтматовдукун, дагы бир районго Турдакун Усубалиевдикин, дагы бирине Исхак Раззаковдун жана Жусуп Абдрахмановдун ысымдарын койсок болбосун? Куп жарашканы турат да. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп атат. Муз ордунан азырынча жыла элек. Менимче буга саясый эрк керек!

-- “Таалайбек Сариев агасы Камчыбек Жолдошбаевдин дүрмөтү менен эле шаардык кеңешке депутат болду” дегенге кандай карайсың?

-- Камчыбек агамдын салымы да чоң. “Депутаттыкка барасың, эл үчүн кызмат кыл” деди. Анан эл менен тыгыз иштешип, элдин үнүн угуп, көйгөйлөрүн жеринде чечип, эң негизгиси, шаар тургундары, жашоочулары менен бирге болгондуктан үч жолу депутат болдум. Ошол эле жолдорду, канализация, суу, жарыктандыруу маселелерин карадык. Элдин көйгөйүн чечсең эле эл колдойт экен. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер