Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орусиядагы мекендештер тез жардам чакыралбай үйдөн дарыланышууда

Орусиядагы мекендештер тез жардам чакыралбай үйдөн дарыланышууда

27-апрель, 16:48
558 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын арасында ооруп калганын жашырып, үй шартында дарыланып жаткандар көп болууда. Ошол себептүү анын ичинде канчасы коронавирус менен ооруганын да так аныктоо мүмкүн болбой жатат.

Москвада ооруп калган мигранттар көбүнчө "Тез жардам" чакырбайт, анткени полиция билип калса, анда депортация кылып жиберет (!) деп коркушат. Бир батирде он киши жашаса, ар биринин каттоосу ар башка даректе.

25 жаштагы Эсен карантинге байланыштуу курулуштагы жумушу токтогондон кийин үйдө отуруп, ооруп калды. Аны менен батирде чогуу жашаган балдар катары менен ооруп чыгышты.

"Мен үйдө туруп эле ооруп калдым. Температурам көтөрүлдү. Тез жардам чакырайын десем, батирди ижарага берген адам макул болбой койду. Анын себеби, бул жерде жашагандардын каттоосу башка райондо. Айла жок, дос балама айтып, такси чакырттык, жеке менчик поликлиникага барып, ийне сайдырып жакшы болдум. Эмне менен ооруганымды деле так билбейм, дарыгерлер суук тийген деп коюшту",- деп Эсен Бибисинин кабарчысына маалымдаган. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер