Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Венера Осмонбетова: “Инвесторлорго салыкты азайтуу менен экономиканы оңдосок болот”

Венера Осмонбетова: “Инвесторлорго салыкты азайтуу менен экономиканы оңдосок болот”

17-январь, 21:35
3 955 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маегибизде экономика илимдеринин кандидаты Венера айым өнүгө албай жатканыбыздын негизги себептерине токтолуп, багыт берүүгө аракет жасады.

-- Венера айым, Кыргызстандын экономикасында жүрөк жылытарлык эч нерсе жоктой таасир калтырат. Эмне кылуу керек?

-- Кыргызстандын экономикасы тууралуу сөз кылганда, эмнеден баштарыңды билбейсиң. Баары түпкүрдүн түбүнө түшүп кеткен. Секирик жасаш үчүн эмне кылышыбыз керек? Маселе ушунда жатат. Менимче, реформа саясатын туура, так, ачык жана чечкиндүү жасоодон баштасак болот. Эң ириде инвесторлор үчүн ачык-айкындыкты шарттаганыбыз оң. 

-- Эмне үчүн инвесторлорго токтолуп атасыз?

-- Бизде жумуш орундары жокко эсе, “жылан сыйпагандай” деп айтсак да жарашат. Ошондон улам Кыргызстанда инвестиция жагына басым көрсөтүү зарыл. Инвесторлор биздин мамлекетке өзүнүн технологиялары, каражаттары, бир аз техникалык жабдыктары менен келишет. Алар өндүрүш ишканаларын алып келе баштаганда, биз аларга жер тилкесин, катардагы жумушчу орундарды камсыз кылабыз. Бара-бара ишкана кеңейип, жергиликтүү адамдардан кесипкөй адистер чыга баштайт. Өнүмдөрү жогорулайт. Мындай учурда инвесторлорго салыкты азайтып, сырттан ишкана үчүн келе турган жабдыктарга пошлиндерди жок кылып, бир сөз менен айтканда, бул тармакты жогорку деңгээлге шартташ керек. 

-- Бул жагын кантип алгылыктуу деңгээлге чыгара алабыз?

-- Биринчи кезекте өлкөдө туруктуулук орноп, саясатта чаң-тополоң болбой, социалдык карама-каршылыктар жоголсо эле инвестициялык климат өзүнөн-өзү жакшы жолго коюлат эле. Биз бир нерсени түшүнбөй жатабыз. Инвесторлор түптөгөн ишканалар акыр-аягы биздин мамлекетте калат. Кийин а жерди өзүбүздүн жергиликтүү калк иштетет.

-- Кайсы багытта иш алып бара турган инвесторлор бизге ыңгайлуу?

-- Айти технология жагындагыларды, машина куроо, заманбап үй каражатында колдонуучу аппараттарды чогултуу ишканаларын куруу жагы. Мындан сырткары, туризм өңүтү маанилүү: эко туризм, этно туризм. Колдо бар эле каражаттарды бир аз заманбапка ылайыктатып койсо чет мамлекеттен келе башташат. Сингапурду алалы, таза суусу жок эле экономикасы өнүгүп кеткен...   

-- Сиз айтып аткан багыттарды эмне үчүн ушу кезге чейин биздин бийлик башындагылар ойлонбоду болду экен?

-- Эгемендик алган жылдардан баштап, акырындап саясый, социалдык, руханий жакырланууга тушуктук. Булардын баары мамлекетке катуу таасирин тийгизди. Акыр аягы мээбиз жакырланды. Колдо бар алтындын баркын билбей калдык. Эмне деген жаратылыш ресурстары бар? Аны кантип экономика багытында иштетүүнүн, колдонуунун жолдорун таппай жатабыз. Эмне үчүн жер казынасы жөнүндө мыйзамдарды кайрадан карап чыкпайбыз? Эмне үчүн айыл чарба жаатында жөн эле чийки зат менен токтолуп калганбыз, кайрадан иштеп чыгуу маселесин эмнеге карабайбыз? Кийим тигүү тармагын көтөрүп, эмнеге чоң-чоң фабрикаларды калыбына келтирбейбиз? 

-- Жумушсуздук менен кантип күрөшсөк болот? Биздин мекендештердин ишке жарамдуулары чет жерде жан багып жүрүшөт. Ошолорду кантип кайтарабыз?

-- Эң ириде атамекендик өндүрүш жөнүндө ойлонушубуз керек. Чакан ишканалардан ири өндүрүштөрдү ачуу жагына багыт алып (!) дегендей. Мына ошондо биздин сыртта жүргөн мекендештерибиз кайтып келе баштайт. Ошол эле учурда билим берүү тармагы мышык ыйлай турган абалга келип калды. “Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман” дегендей. Биз буларды мурдатан эле айтып, дайыма какшап келебиз. Бийлик башындагылар угуп, ага чара колдонгондор болбоду. Тилекке каршы, баары эле алдым-жуттум менен алек болуп калышпадыбы. Дагы бир жолу айтам, эң ириде биздин экономикага жан киргизип, тез аранын ичинде алдыга секирик жасоону кааласак – инвесторлорду тартуу жана билим берүү системасын түп тамырынан бери өзгөртүүгө багыт алалы.

-- Сизди түшүнүп турам. Бирок, “коррупция” деген балээ бар эмеспи?..

-- Туура айтасыз, ошол коррупционерлер, бюрократтар микрободой көбөйүп кеткен үчүн мамлекетибиз жакырланганы айныгыс чындык. Ошон үчүн коррупция менен баарыбыз күрөшүүбүз кажет. Орустар айтмакчы, “либо пряником, либо кнутом” дегендей. Инвесторлор кайрыла турган мамлекеттик ишканада иштегендердин айлык акыларын жогорулатуу менен алдыга жылсак болот. Андай кызматка иштей тургандар сынак аркылуу келишин шартташ керек. Мындай учурда билимдүү, илимдүү прогрессивдүү жаштарга жол ачылат. Анан эң негизгиси, өзүбүздүн элди тарбиялоо кажет. Биз качан өзүбүздүн аң-сезимибизди жогорулатып, тазалыкка, маданияттуулукка тарбиялаганда сырттан келген инвесторлорго кенен жол ачылат.   



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер