Акыркы кабарлар
» Коом » Буйрук берилсе, Жеңишбек Токторбаев токтоосуз түрдө камалары каңкууланды
Буйрук берилсе, Жеңишбек Токторбаев токтоосуз түрдө камалары каңкууланды
14-апрель, 14:47

Экс-мэр Жеңишбек Токторбаевге өлкөдөн чыкпоо эрежеси коюлуп, азыр башы катып отурган маалы. Ош шаарындагы мыйзамсыз, башаламан иштери жалпы элге ачыкталды. Көпчүлүк катмар анын камакка алынышын, жоопкерчиликке тартылышын талап кылышууда. Негедир так кесе чечим кабыл алынбай атат. Мындай шартта күч органдарындагы жашыруун булактарыбыздын тамырын тартып көрдүк, эгерде жогортон команда берилсе, Жеңишбек Токторбаев дароо камакка алынары шексиз экен. Балким бийлик сабыр кылып, биротоло күнөөсүн аныктап, анан түрмөгө тыгабы? Ушунчалык да гумандуулук болобу? Ош мэриясын карызга батырып, мыйзамсыз курулуштарды оңду-солду салдырып, жеке кызыкчылыгын көздөгөнүн кантебиз? Кыңыр иштерин санай берсек, күн батат да, кеч киреби? Эрксизден баш чайкайсың... 










