Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда орточо айлык акы 19 миң сом деп эсептелди

Кыргызстанда орточо айлык акы 19 миң сом деп эсептелди

03-ноябрь, 11:39
1 603 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук статистика комитетинин эсептөөсүнө ылайык, республикада орточо эмгек акы (чакан ишканаларды кошпогондо) 19 миң 586 сом (231,6 АКШ доллары) болду. Бул тууралуу мекемени басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу орточо маяна 9% өстү деп эсептеген. Орточо айлык акы Ош облусунда 10,9%, Ош шаарында 13,5% жана Бишкек шаарында 9,9% көтөрүлгөн.

Кыргызстанда ушул жылдын экинчи кварталында жашоо минимуму 6332 сом деп эсептелип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,6%га өстү. Бул тууралуу улуттук статистика комитети билдирди.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. 2020-жылы ал 4900 сомду түзгөн. Статкомдун 2020-жылга карата эсеби боюнча, ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер