Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыркул Ашимбаев: “Алтай Республикасы, Фергана облусу менен конкреттүү иш багыттар башталууда”

Сабыркул Ашимбаев: “Алтай Республикасы, Фергана облусу менен конкреттүү иш багыттар башталууда”

20-май, 22:43
929 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен маек.

-- Сабыркул Абасович, Нарын менен Өзбекстандын Фергана облусу тыгыз кызматташып, атайын барып келдиңиздер эле... Ушул кызматташуу кадамдары боюнча маалымат бере кетсеңиз?

-- Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 11-12-мартындагы   Өзбекстанга болгон иш сапарында Фергана облусу менен Нарын облусунун ортосунда өз ара кызматташтык байланышын түзүү боюнча Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев менен “Жол картасына” кол коюшкан. Фергана жергесине болгон иш сапар ушул кызматташтыкты жүзөгө ашыруу максатында уюштурулуп, 17-18-19-март күндөрү атайын делегация менен Фергана жергесинде болуп кайттык. Бул иш сапар жемиштүү болду. Себеби, биздин баардык райондорубуз жана шаарларыбыз өзүнө өнөктөш район, шаарлар менен расмий келишим түзүүгө жетишти. Ишкерлерибиз да өздөрүнүн өнөктөштөрүн тапты. Ферганалык туугандар Нарын облусу менен кызматташууга абдан кызыкдар экенин билдиришти. Алар өзгөчө айыл чарбасы боюнча иштешүүгө, биргелешип картошка, эт өндүрүүгө, текстиль ишканаларын ачууга, Кыргызстан аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгууга кызыкдар. Ал эми биз тарапка инвестиция келип, ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлгөнү маанилүү. Буюрса бул максаттарды жакын арада ишке ашырууга аракеттерди көрүп жатабыз. Ферганалык өнөктөштөр июнь айынын башы менен Нарынга келишет. Ушул жолугушууда биргелешкен “Жол картасын” бекитип, конкреттүү иш багыттары менен кызматташа баштайбыз.

-- Нарын облусу мал чарбачылыгына ылайыкташкан эмеспи. Малдын асылдуулугун арттырып, сандан сапатка өтүү боюнча да аракеттер бар экен. Ушул боюнча токтолуп өтсөңүз?

-- Туура айтасыз, малдын санына эмес сапатына көңүл буруу бүгүнкү күндүн талабы болуп турат. Бул багытта ар бир райондо асыл тукум мал чарбаларын уюштуруп, эт, сүт багытындагы мал өстүрүүнү жайылтуу боюнча аракеттер жүрүп жатат. Жакында эле Россия Федерациясына караштуу Алтай Республикасынын Усть-Кань району менен кызматташуу келишимине кол койдук. Алтай Республикасы менен Нарын облусунун климаттык шарты окшош болгондуктан, ал жактан асыл тукум уйларды жана бугу-маралдарды алып келип, бизде өстүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бул биздин фермерлерибиз үчүн абдан пайдалуу болмокчу. 11-13-май күндөрү Алтай Республикасына биздин облустан делегация барып, конкреттүү иш багыттарын мерчемдеп алдык. Эми биздин фермерлерибиз барып, келишимдин негизинде арзан баада асыл тукум уйларды алып келе башташат.

-Ат-Башынын ак балын Японияга экспорттоо боюнча кадамдар башталганы кабарланды эле...

-- Нарында Япониянын JICA эл аралык уюмунун «Бир айыл – бир продукт» долбоору ишке ашып келет. Ушул долбоордун координатору Харагучи Акихиса мырзанын жардамы Нарын, Ат-Башы райондорундагы эспарцет талааларында өндүрүлгөн балды Японияга экспорттоо иши колго алынууда.

Ат-Башынын ак балы потенциалдуу продуктылардын бири. Харагучи мырза 10 жылдан бери Кыргызстанда өндүрүлгөн бал жөнүндө изилдөө жүргүзүп, эспарцеттен алынган ак балды Японияга экспорттоонун аракетин көрүп жүрүптүр. Бул табылгабыз япондорго жагымдуу болгондуктан суроо-талап бар. Ошондуктан экспорттоо үчүн балдын көлөмүн көбөйтүү жана балды көбөйтүү үчүн өндүрүш маселелерин чечүү зарылчылыгы турат. Учурда бул маселелердин үстүндө иштеп атабыз. 

Мындан сырткары, туризм тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруудабыз. Бизде туристтер кызыга турган керемет жерлер бар. Ушул жерлерди тасмага тартып, 3D видеоролик даярдоо иши Борбор Азиядагы Америка университетинин колдоосу менен ишке ашканы турат. Ошондой эле жакында туризм тармагы боюнча иш алып барган ассоциация негизделип, туризм тармагынын стратегиялык программасын иштеп чыгуу үчүн ар бир райондун өкүлдөрүнөн жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлеринен турган атайын жумушчу топ түзүлдү. Туристтерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу биздин алдыбыздагы негизги максаттардын бири.

-- Нарында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу максатында “Жашыл аймак” долбоорун ишке ашырып жатыптырсыздар. Айылдар арасындагы жолдорду оңдоп-түзөө жумуштары да колго алынып жаткан экен...

-- Жаз алды менен айлана-чөйрөнү көрккө келтирүү максатында Жашыл аймак долбоорун ишке ашырууну демилгелеп, анын алкагында облустук, шаардык, райондук мекеме-уюмдарды, элди ойготуу менен шаар ичине жана айыл аймактарына карагайдын көчөттөрүн отургузуп жатабыз. Бул акцияны эл колдоп, миңдеген жашыл көчөттөр тигилди. Эми багып-өстүрүү жагын тыкыр көзөмөлдөп, өстүрүп алсак, экологиябызга, элибиздин ден соолугуна, айлана-чөйрөбүздүн көркүн арттырууга өбөлгө болот деген ниеттебиз. 

Ушундай эле элди, эл ичинен чыккан демөөрчүлөрдү көтөрүү менен айылдар арасындагы жолдорду оңдоп-түзөө ишин колго алдык. Жалпы узундугу 16,5 чакырымды түзгөн Нарын – Үч-Нура автожолуна шагыл жаткыруу иштери аяктап калды. Бул жолдун 2,7 чакырымы республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесине сунушталып, бирок каражат бөлүнгөн эмес. 

Бул тажрыйба башка райондорго да жайылтылууда. Жакында Нарын районунун 8-Март жана Орток айыл аймактарындагы ички жолдорду да ушундай эле ыкма менен оңдоп-түзөө иштери мерчемделүүдө. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер