Акыркы кабарлар
» Коом » Өлкөгө коронавирустун «омикрон» штаммы келсе, чектөө киргизилеби?
Өлкөгө коронавирустун «омикрон» штаммы келсе, чектөө киргизилеби?
20-декабрь, 12:17


Кыргызстанга коронавирустун «омикрон» штаммы келсе, эч кандай чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
«Бир гана Кудай билет, балким бүгүн кечинде келет. «Омикрон» жайылган Россия менен күнүнө 5 авиакаттамыбыз бар» деди Бейшеналиев. Ал башка өлкөлөр сыяктуу калкты экономикалык жактан колдой алышпай турганын белгиледи.











