Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кашкар Жунушалиев качанкыга чейин элибизди кордой берет?

Кашкар Жунушалиев качанкыга чейин элибизди кордой берет?

03-март, 13:42
1 573 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2-марттагы митингди таратууда милиция кызматкерлери элди ташбараңга алышып (мыйзамсыз), резинка ок менен атышып, иттерге куудуруп, суу чачышып, айтор, чектен чыгышты, мазакташты! Митинг аягында Акүйгө агылган миңдей адам болсо керек. Мына ушул көрүнүшкө коомчулук күбө. Элдин бугу ичинде калып, Кашкар Жунушалиевдин тынчтыкты камсыздоо аракети сын-пикирди жаратты. Акүйдүн рейтингине доо кетти. Өзү эрдемсип, жогор жакка жагынгандыр. Бирок, иши оңунан чыкпай, көпчүлүктү кыжырдантып атканын түшүнүп атабы? Же бул эргул атайын эле бийликти элге жаман көрсөтүп, күч колдонуп, тымызын кыянаттыгы менен жарга түртүп баратабы? 

Баса, Кой-Таш окуясында да эки миңге жакын жергиликтүү элибиз жаракат алышып, ушу күнгө чейин ызаланып жүрүшкөнү кандай? Коомчулукка алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй, сөссүз эле уруп-сабап, талкалап салыш керекпи? Эртең Кашкар Жунушалиев кызматтан кетсе, эл аралап кантип басат? Же качып кетеби? Суроолор көп...

Эске салсак, кечээги митингден соң Садыр Жапаровду колдоо штабынын башчысы Каныбек Осмоналиев ж.б. уюштуруучулар камалышты. Дагы да жазалоо аракеттери жүрүүдө...

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер