Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жээнбек Куленбеков: “Кумтөрдө химиялык таштандылар чогулган жай территориясын кеңейтип келүүдө, өтө зыяндуу...”

Жээнбек Куленбеков: “Кумтөрдө химиялык таштандылар чогулган жай территориясын кеңейтип келүүдө, өтө зыяндуу...”

29-май, 14:30
889 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кумтөрдүн экологиябызга тийгизген зыяндары жүрөк оорутат, орчундууларына сиз да токтолсоңуз?

-- Кумтөрдөгү болуп жаткан көйгөй бүгүн эле жаралган жок, аны жалпы кыргыз эли жакшы билет. 

Канадалыктар 24 жылда Кумтөр алтын компаниясы кийинчерээк “Центрра” болуп алып, 11,5 миллиард доллар (88%) пайда көрдү, ал эми Кыргызстан 1,5 млрд. доллар (12%). 

Бирок башында, Акаев президент кезинде Кыргызстандын 70%ы комбинатта 30% болуп башталып, андан кийин кыргыз бийлигин, президентин, депутаттарын кошуп сатып алса болорун билип алышып, чоң коррупцияны баштап, тоодогу мөңгүлөрдөн бери сатып алышты. 

Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн талкаланышы экологиялык жактан караганда айлана-чөйрөгө чоң кыйроо болуп саналат. Себиби, Нарын дарыясына кошулган бирден бир чоң суу куймасы – бул Кумтөр дарыясы, андан ары Тарбагатай болуп саналат.

-- Мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берүү чоң чыккынчылык болду окшойт...

-- Мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берген бийлик башчылары сот жообуна  тартылуусу зарыл. Бул дүйнөдөгү эң чоң афера жана чыккынчылык. 

Азыркы Жапаровдун бийлиги туура аракеттерди башаташты, 4 миллиардга жакын экологиялык чыгымдарды кайтаруу боюнча. Эми акырына чыгышса болду. Себеби, “Центерра” Кыргызстан менен “кармашууга” даяр экени да белгилүү болууда. Бул жерде бийликке чоң үмүт бар, аларга чоң эрк, компетенттүүлүк жана күч-кубат керек. Калган мөңгүлөрдү сактап калалы, себеби талкалангандарын кайра ордуна келтире албайбыз. 

Эгер азыркы бийлик жеңишке ээ болсо, анда калган 106 тонна алтынды гидрогеологиялык, жер алдындагы ыкма менен тоону тешип, казуу керек. Бул чыгымдуу жол, бирок экологияга зыяны жок жол.

Дагы бир чоң көйгөй – химиялык таштандылар чогулган жай, ал өзүнүн территориясын кеңейтип келүүдө. Нормаларды да сактаган жок (астына геомембрана төшөгөн жок), бирок комбинаттын башкы планы боюнча жаңы таштанды полигону салыныш керек эле. Геомембрана жок, жер алдындагы тоң муз – пермафрост дагы эрип жатат. Ал токсикалык таштанды жол таап Кумтөр суусуна кошулса, мына ошондо экинчи чоң экологиялык кыйроо болот. Мындан тышкары, Петров көлү дагы глобалдык жылуулануу алдында. Жогоруда жаткан мөңгүлөр эрип, азыркы учурда көлдүн деңгээли критикалык абалда турат. Ал ташып кетсе, токсикалык таштанды жайын жууп агызып кетерин эколог жана геологдор далидешкен.

Айтор, мурдагы кыргыз бийлиги жана Кумтөр алтын комбинаты орчундуу экологиялык нормалардын баарын бузуп, корруциянын жеткен чегинен ашып кетишкен.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер