Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Эгембердиев менен Дүйшеев Эмгек Баатырына татыктуу инсандар”

Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Эгембердиев менен Дүйшеев Эмгек Баатырына татыктуу инсандар”

03-октябрь, 21:42
704 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мирлан мырза, сизге чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү ишкер Табылды Эгембердиев менен акын Шайлообек Дүйшеевге Эмгек Баатыры наамын ыйгарууну сунуштоо өтүнүчү менен кайрылышкан турбайбы? 

-- Ооба, Табылды Эгембердиев боюнча кайрылышты. Өзүңүздөр билесиздер, Табылды Эгембердиев кыргыздын нукуралуулугун, салттуулугун, нарктуулугун көтөрө алган инсан. Анын жармасы бүгүнкү күндө дүйнөнү кыдырып жүрөт. Мамлекеттин экономикасына да салым кошууда. Ал Эмгек Баатыры деп атоого татыктуу инсан.

Ал эми Шайлообек Дүйшеевди мен өзүм демилгеледим. Сөзсүз эле көзү өткөн кишилерге Эмгек Баатыры наамын ыйгарбастан, биз тирүүлөрдү да сыйлай билүүгө тийишпиз. Кечээ биз тирүү баатырлар Чыңгыз Айтматовду, Төлөгөн Касымбековду көргөнбүз да, туурабы? Бүгүнкү күндө да биз адабияттын классиктерин Эмгек Баатыры катары көргүбүз келет. Алар адабиятка эбегейсиз эмгек сиңиришти. Ошолордун бири Шайлообек Дүйшеев. Анын “Арабадагы ыры”, “Кайдыгерлиги”, “Агындылары” бүгүнкү күндө ар бир кыргыздын китеп текчесинде эле эмес, жүрөк текчесинде турат. Ошондуктан аны Эмгек Баатырлыгына татыктуу катары эсептейм.

-- Сиздин демилгеңиз канчалык деңгээлде колдоо табат деп ойлойсуз?

-- Мен кесиптештерим менен сүйлөшүп көрдүм, “жок” деген адам чыкпады. Баары колдойбуз деген пикирлерин билдиришти.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер