Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эне тилибизди жакырлантпайлы, улуттун улуулугун сактайлы!

Эне тилибизди жакырлантпайлы, улуттун улуулугун сактайлы!

14-июль, 23:23
1 107 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президентибиз Садыр Жапаров бийликке келгенден бери улуттук идеология, улуттук аң-сезим, кайра жаралуу, руханий адеп-ахлакты өнүктүрүү жана дене тарбиясы боюнча кыргыз жараны, анын милдети жана укугу тууралуу улуттук нарк-насилдин даңазаланышы жөнүндө бир катар мыйзамдарга кол коюп, бир нече жарлыктарын чыгарды.


Кыргыз эли, айрыкча жаш муундагылар өзүнүн улуттуулугун, нарктуулугун унутуп, башка элдин тарых, маданиятын, каада-салттарын өзүнө сиңирип, азыркы ааламдашуу доорунда ата-бабалардын баскан жолун улай албай, алардын мурас кылып калтырган улуу дөөлөт, байлыктарынан ажырап, уңгу жолубуздан адашып бара жаткан мезгилде президенттин мыйзам, жарлыктары өз жемишин акырындап берүүдө. Жер-жерлерде маданий массалык иш-чаралар, нарк жөнүндө сабактар тийиштүү деңгээлде өткөрүлүп, элибиздин адеп-ахлак жөнүндөгү түшүнүктөр артып, “Манастан” баштап оозеки адабиятыбызга, санжыра, тарыхка, салт-санаага мурдагыга салыштырмалуу кызыгуусу кыйла арбын экендиги кубандырат. Ошону менен бирге президенттин “Уңгу жол” жөнүндөгү жарлыгында улуттук эне тилибиздин орду жана вазийпасы жөнүндө кенен-кесир белгиленгендигин айтпай кетүүгө болбойт. Ал эми эки ай мурун министрлер кабинетинин мамлекеттик жарандык муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды. Ага ылайык жогоруда көрсөтүлгөн кызматкерлер 2025-жылдан тартып орто деңгээлден, 2027-жылдан баштап жогорку деңгээлден төмөн эмес билүүсү керек. Мындай токтомдун кабыл алынышы эң туура болду деген ойдомун. Себеби, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган мезгилден бери 35 жыл аралыгында эне тилибиздин өнүгүү деңгээли өркүндөп-өсүп кетти деп айтуу кыйынчылыкты жаратат. Тескерисинче, төмөндөөнүн үстүндө десек туура. Ага карата көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. Келегей тилде сүйлөгөн же кыргызча суроо берсең орусча жооп берген “киргиздердин” саны улам барган сайын көбөйүп жатканын көрүп, билип жүрөбүз. Айрыкча борбор шаарыбыз Бишкектин жашоочуларынын 80%ы орусча сүйлөшөт. Коомдук жайларда, көчөдө, автобустарда, соода борборлорунда кыргыздар бири-бири менен орусча сүйлөшүп жатканын кадам сайын көрүүгө болот. Ата-энелеринин жана тарбиячылардын эне тилге болгон кайдыгер мамилелеринен улам мектеп окуучулары жана бала бакчанын тарбиялануучулары орусча ойлогондорун кыргызча толук кандуу айтып бере алышпайт. Турмуш тиричилик буюмдарынын кыргызча аталыштарын билишпейт. “Манастай” теңдеши жок улуу эпосту жараткан кыргыз тилин аманат катары ата-бабаларыбыз мураска калтырган. Ошол мурасты көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга жеткирип, өткөрүп берүү азыркы муундун өкүлдөрүнүн түздөн-түз милдети болуп саналат. Президентибиз айткандай, “тилди сактоо – улутту сактоо деген түз түшүнүк менен тең карап, эне тилибизди ыйык туталы” деп байма-бай айтып келебиз. Ошол ыйык туткан тилибиз, улуттук аң-сезимди, руханий дөөлөттү, маданий байлыкты коомго жайылтып, жеткирип турган баа жеткис зор каражат. 

“Мамлекеттик тилди учурда кыргыздар өзүбүз кандай колдонуп жатабыз?” деген суроо жаралат. Тилекке каршы, коомдук-саясый жана маданий тармактарда, мамлекеттик кызматтарда жана бийлик бутактарында, жалпыга маалымдоо чөйрөсүндө тилдин колдонулушу айрым учурда көйгөй жаратып, талапка ылайык келбеген фактылар менен коштолот. Кыргыз тилинин грамматикалык эрежелери сакталбай, адабий тилдин нормалары бузулуп жаткан көп учурлар бар. Мисалга алсак, Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан бир депутат “даяр” деген сөздүн ордуна “дайын” деген сөздү бир нече жолу кайталап, бышыктап, залда отурган катышуучулардын баардыгын туюндуруп койгондой сезим калтырат. Андан бери эки жылдан ашык убакыт аралыгында эл өкүлдөрүнүн лексикондоруна бекем сиңип, орноп калганбы, айтор, эки сөздүн айтылышы, жазылышы, мааниси таптакыр башка экендигине карабастан, азыркыга чейин чаташтырып колдонуп келишүүдө. Анысы аз келгенсип, айрым депутаттар сүйлөгөн сөзүн кыргызча баштап, шашылыш түрдө орусчага өтүп, залда отурган жалаң кыргыз депутаттарга оюндагысын баяндайт. Мыйзамды одоно бузуп, мамлекеттик тилге кедерги, залакасын тийгизип жаткан эл өкүлүнө мыйзамчылардын бири да эскертип, оңдоп-түзөп коюуга жарабагандыгы, үн катпагандыгы таңгалдырат. “Мамлекеттик тил комиссиясы мындай көрүнүштөргө чара көрө албайбы?” деген суроо жарандардын тынчын алып, түйшөлтүүдө. 

Ал эми калкыбыздын күнүмдүк турмушунда эне тилин колдонушуна саресеп салсак, илгерки көчмөндөр заманынан берки жашоо тиричилигинде колдонулган керектүү буюм-тайымдарын, анын ичинде бозүй жасалгаларын, ат жабдыктарын, улуттук кийим-кече, тамак-аш аталыштарын болочок жаштар эмес улгайып калган кары-картаңдар арасынан толук билгендерин издеп табуу өтө кыйын. Мындай жагдайды аймактар боюнча иликтеп, республикалык масштабда, өкмөттүк деңгээлдеги иш-чаралар жер-жерлерде жана жалпы маалымат каражаттарында маданий-массалык оюн-зоок телеберүүлөр, мектептерде тематикалык тест, сынактар системдүү түрдө өткөрүлүп турушу кажет. 

Дагы бир көйгөй жөнүндө сөз кылсак, ал башка элден оошуп келген сөздөрдүн кыргызчага которулушу. Илгертен эле кыргыздын төл сөздөрүнө айланып калган жүздөгөн орусча сөздөр бар. Алардын күнүмдүк турмушта дайым колдонуп келгендери булар: бөлкө (булка), мискей (миска), бөтөлкө (бутылка), чайнек (чайник), шөтчик (счетчик), үстөл (стол, стул), шапке (шапка), ж.б. 

Котормо жагына келсек, орусчадан кыргызчага калпыстык менен маанисиз которулган сөздөргө окурмандардын көңүлүн бурууга туура келет. Телевизорду - сыналгы, радиону - үналгы, директорду - мүдүр, остановканы - аялдама деп которулганы калкыбыздын купулуна толорлук маанай жарата алган жок. Бул сөздөрдүн өмүрү кыска болуп, кыргыз коомчулугунан, анын лексикасынан орун таппай калды көрүнөт. Андыктан, бөтөн элден оошкон сөздөрдү которууда жана колдонууда этияттык, кылдаттык, жоопкерчилик менен мамиле кылынарын унутпасак. “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн ар бир кыргыз эне тилин жакшы билүүгө тийиш” дегенибиз менен тилекке каршы, мындай сапатка умтулгандардын саны аз. Ал эми нукура кыргызча айрым белгилүү сөздөрүн билбегендер калкыбыздын калың катмарын түзгөндүгү өкүндүрбөй койбойт. Мисалы, көмөкөй, жагана, көнчөк, даңкан ж.б. деген сөздөрдөн түшүнүгү таптакыр жок, жадагалса биринчи жолу угуп аткандар арабызда көп экендиги сурамжылап, иликтөөдөн улам белгилүү болгондугун айта кетүүм зарыл. Көрсө, ушул сыяктуу эле сейрек кездешүүчү жакшы сөздөрүбүздү колдонбой, бай тилибизди жакырлантып алган турбайбызбы. Түзүлгөн кырдаалды оңдош үчүн эң оболу өзүбүз, айрыкча жаштар изденүү жолуна түшүп, көп окуп, билимдүү болуу менен бирге башка элдердин тилин өздөштүрүп, ошол эле учурда эне тилибиздин кадыр-баркын бийик деңгээлге жеткирүү иш-аракеттерибизди милдеттүү түрдө жүзөгө ашырууну негизги максат кылып алууга тийишпиз.


Исламбек Темиралиев, Тоң району 
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер