“Жылкыңа карап ышкыр” дейт. “Замандашты” эл колдобой калдыбы?
Партия лидери Жеңиш Молдокматов башка саясатчылардай топ жара албай, боз үйдөн гана жомок айтып калганына күбө болуудабыз. Кошокчулары ырым-жырым кылышып, “№7” деген сандын айланасындагы “сыйкырларды” айтышып, боорду эзишүүдө...
Аныгында, саясый реалдуулук башка! Жеңиш Молдокматов эл кыдыруунун үлгүсүн көрсөтө албаганы кандай? Каражаттан каржалганы менен түшүндүрөбү? Айтор, акчалары калбай калганы каңкууланды. “Жылкыңа карап ышкыр” демекчи, башында арканды алыс ыргытып, айланасына мыкты команда топтогондо не? Эми кандай ой айтканыбыз менен баары кеч. Шайлоо күнү жакындаган сайын башка партиялардын таскактары катуулашып, ал эми “Замандаштын” аксап калганы ачык байкалды. Калың катмар ичинде булар жөнүндө оозанган жанды табуу кыйын. Анан кайдан парламентке өтмөк эле?
Кыскасы, Жеңиш Молдокматов саясый жактан тажрыйбасыз, көөдөнү сокур экенин көрсөттүбү? Элди түрө кыдыра албай койду...
Aryba.kg