Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мигранттардын келиши олуттуу талаптар менен социалдык чыңалууну жаратат”

“Мигранттардын келиши олуттуу талаптар менен социалдык чыңалууну жаратат”

20-июнь, 09:58
648 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Күзгө чейин сырттагы мигранттардын келүүсү көбөйө турганы болжонууда. Кыргызстанда ансыз да жумушсуздук күч болууда. Бул көрүнүш саясый кырдаалга таасир этпейби?” деген катаал соболду биздин аттуу-баштууларга берип көрдүк. Жооптору кызык болду. Бирге тыңдайлы, окурман.

Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу:

-- Албетте, таасир этет. Ар кайсы саясый күчтөр аларды өз кызыкчылыгына колдонгонго аракет кылышат. Алардын келиши биздеги чоң шайлоо менен төп келип калып жатпайбы. Муну эске албай койгонго болбойт. Парламенттик шайлообу же президенттик шайлообу, мурун чет жерде жүрүшүп, бир аз да болсо өлкөдөгү абалга кайдыгерирээк карап келген болсо, бу жолу саясый абалды өз көздөрү менен көрүп, жонтерилери менен сезип, саясаттан четте калбаса керек. Эми ал ошол кездеги жагдайга жана өкмөттүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу болору айкын нерсе.

Шаирбек Маматокторов, саясый серепчи:

-- Сырттагы эмгек мигрант мекендештерибиз дүйнөлүк илдеттин кесепетинен өтө оор абалга дуушар болушту. Себеби, алар эмгектенип жаткан Орусия, Казакстан, Түркия, Корея сыяктуу өлкөлөр өз чек араларын жаап, же чектөөлөрдү киргизди. Биздин жарандардын көпчүлүгү Орусияда. Ал жакта пандемия күч алды жана абал ошого жараша оорлошуп баратат. Демек, Орусиянын өзүнүн экономикасы оор абалга келери күтүлүүдө. 24-июнда Россия президенти Путин өжөрлөнүп, баары бир Жеңиш парадын өткөрмөй болушту. Ошол эле кезде Россиянын 24 федералдык субъектиси парад өткөрүүдөн баш тартышты. Мына ошол иш-чарадан кийин РоссияОс өз чек арасын толук жабуу чечимин кабыл алмакчы. Ошондуктан, чек ара жабылганча биздин жарандар өз мекенине кайтып келиши керек. 

Демек, ансыз да жумуш орундары жетишсиз, акыркы 10 жылда өкмөт жөн эле жомокторду айтып келди. Экономикабыз стагнацияда, же өзүбүздүн сөз менен айтсак, шал оорусуна кабылган. Мигранттар биздин экономиканын эң негизги инвесторлору эле. Жылына 1.5 млрд. доллардан ашык каражатты дал ошол эмгек мигранттары өлкөбүзгө жиберип турушкан. Ал эми алар оор күнгө кабылганда, өкмөт аларды талаага таштап койгону жалганбы? Итке сөөк ыргыткансып, бир миллионго жакын мигранттарга 10 млн. сом берип, жанды кашайтышты го? 

Ошондуктан, күзгө чейин эмгек мигранттары өлкөбүзгө кайтып келишет жана саясый кырдаалга алардын таасири бул ирет өтө чоң болот. Себеби, алардын азыркы бийликке, шалаакы өкмөткө олуттуу нааразычылыктары бар. Ал нааразычылыктар толук негиздүү. Ал эми карыз алгандан башканы билбеген шалаакы өкмөт кыска убакыттын ичинде, кеминде 200-300 миң адамды жумуш менен камсыз кылып жиберүүсүнө акыл-эси ордунда адам эч качан ишенбейт. Демек, социалдык чыңалуу пайда болот. Анүстүнө күзүндө парламенттик шайлоо болмокчу. Бийлик тарап кайрадан эле олигархтардан турган курамды жана эски тепшилерди сунуштай турган болсо, андай депутаттарга, андай өкмөт мүчөлөрүнө бул ирет эл таптакыр макул болбойт! Бул ирет кыйналган эл олуттуу талаптарды коёт! 

Бирок, ар бир нерсенин оң жана терс жактары болот эмеспи. Көп жылдан бери сыртта (албетте, аргасыздан) жүргөн мекендешетрибиз өз өлкөсүнө кайтып келүүсү жеке мен үчүн өтө жагымдуу жагдай. Ар ким өз мекенинде, өз үйүндө жашаса, андан өткөн дөөлөт барбы? Жетим баладай болуп, үйсүз калган селсаяк сыяктуу болбой, ар бир кыргыз өз мекенинде эмгектенип жана туруктуу жашоосу керек. Себеби, мамлекеттин эң негизги байлыгы – анын эли! А эл – бийликтин жана мамлекеттин жападан жалгыз ээси!

Төрөхан Жунусбеков, жарандык активист:

-- Сөзсүз таасири болот. Анткени, сыртка активдүү жарандарыбыз чыгып кеткен, өзгөчө күзүндө парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Ал эми президент Жээнбеков баштаган бийлик ишти алып бара албай, нааразылык күчөп жатканы ачык көрүнүп турбайбы... Анан өзгөчө сырттан келген мигранттар жөн эле туруп калышпайт. Баардык иш-чараларга катышышат. Жөн эле катышпай, жандуу катышарына көзүм жетип турат. 

Эмил Токтошев, ЖК депутаты:

-- Азыркы кырдаалда ар бирибиз бул пандемияга өтө олуттуу мамиле кылып, ар бирибиз жоопкерчиликти туя билишибиз керек! Мигранттар да, туруктуу жашоочулар да өкмөт чыгарган эрежелерди так аткарып, жеке коопсуздугубузга жооптуу мамиле кылсак, өзүбүзгө да, мамлекетке да өтө эле жардам берген болот элек. Коронавируска каршы бөлүнгөн каражатты оору менен эмес, жумушсуздукка жумшасак жакшы болмок. Бирок, жарандар вируска жеңил ойлуу, жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыктан, оорулуулар күн сайын көбөйүп, экономикага, коомго көп эле кыйынчылык жаратып жатат. Жумушсуздук бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө эң чоң көйгөйлүү маселе болууда. Эгер бул апааттан эрте чыгалы десек, эң биринчиден ар кимибиз өз ден соолугубузга кам көрүп, ооруну жугузуп албоого жана таратпоого аракет кылалы. Жумушсуздук, экономикалык тартыштык, кыйын кырдаалды саясатташтырып, ар ким өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып кетпеш керек. Ушуну суранат элем.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер