Мен татынакай кызмын, жеңем көрө албай дубалатып жүрөт...
Келгенине жети ай болгон жеңем менин жолумду тосуп, дубалатып салыптыр. “Кара дубадан” кантип кутулсам болот? Кайсы дубаларды окуп кутула алам? Кечинде “кыз жуусун” деп идиштерин алып чыгып коёт, кир жууса байкемдикин, өзүнүкүн эле жууйт. Анын көзү ачыктарга жакын экенин байкап, үйдөн кетирдик.
Бир күнү вотсапта отурсам, “кыз, менден оңой кутулам деп ойлобогула! Мен али байкеңди колума алам, боюмдагы бала менен колдоном. Байкеңди өзүмө окутуп, силерге каалаган нерсемди кылам. Айрыкча сени биринчи жок кылам!” деген смс келди. Колум титиреп, шок болуп калдым. Өзүм сулуу, татынакай кызмын. Жуучулар көп түшөт. Жеңем мени көрө албагандан ушул иштерге барды деп ойлойм. Адамдардын арасында ушундай дагы таңгалычтуулар, көралбастар көп экен. Айтор, адамдарды тааныганды үйрөнүңүздөр!
Аида