Акыркы кабарлар
» Саясат » Оппозиция Таластан жыйын өткөрүп, бийликке айбатын көрсөткөнү калды
Оппозиция Таластан жыйын өткөрүп, бийликке айбатын көрсөткөнү калды
14-июль, 15:32
551 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Бириккен демократиялык кыймыл” 16-июлда Таласта жыйын өткөзүп, бийликке карата сын-пикирлерин айтышып, атаандаштык аракеттерин сынамакчы. Барган сайын оппозиция жанданып, күчөп баратканы байкалууда. Бул жээктен өзгөчө Равшан Жээнбековдун таскагы катуулап, бийликке карата байма-бай курч билдирүүлөрүн жарыялап келет. Эч нерседен коркпогонун көрсөтүүдө. Эл да баарына көз салып турат. Негизинен сынчыл көз караштар арбып, Равшан мырзаны колдогондор кадимкидей байкала баштады. Натыйжада, 16-июлдагы оппозициянын Таластагы жыйынына бир топ тоскоолдуктар, өткөзбөй коюуга аракеттер көрүлүшү “мыйзам ченемдүүлүк” эмеспи. Бул саам кандай жаңылыкка күбө болобуз? Таластан “тушоо кесүү” көп нерсени ачыктаса керек...
"Азия Ньюс" гезити