Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек Ташиев уурулардын башына камчы ойнотсо, кыргыз эли аябай ыраазы болмок

Камчыбек Ташиев уурулардын башына камчы ойнотсо, кыргыз эли аябай ыраазы болмок

28-июнь, 13:20
297 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаровдун кадрлары эл бузарларга жакпай калышты көрүнөт, бирден терилип азайып баратат. Кыргызстандагы көп сандаган кландар менен партиялар арасында тымызын тирешүүлөр болуп, татыктуу адистерди ыргыта чабыш бир паста.

Анткени эски система модадан чыгып калганын түшүнбөгөндөр көнгөн ыкмаларына салып мафиялык уюмдарды түзө коюшуп, аларга кошулган шылуундар өз партияларын алып чыгышып, бирин-бири жеп-жутканга даяр. Баарынын максаттары – эптеп бийликке жетип, андан ары миллион-миллиарддарды сугунуу экени белгилүү. Бирок Садыр Жапаровдун келиши менен коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат. Мафия менен бетме-бет кармашкан Камчыбек Ташиев уурулардын башына камчы ойнотсо, карапайым кыргыз эли аябай ыраазы болмок. 

Көп мамлекеттерге согуш ачып, баардык жактардан айдалып чыккан АКШ Украинадагы “улутчул фашисттерди” колдоого алып, күнөөсү жок адамдарды кырып жатышат. Эми ошолор орноткон “Кыргызстанды чачыратып жок кылуу системасы” 30 жылдан бери келатканы эмне деген шылдың?! Же геосаясатты түшүнбөгөн кыкеңдерге боло береби?

Кудай колдоп келаткан кыргыз элин экинчи-үчүнчү сортко бөлүп, оттуу жайытка же эт комбинатына айдап баратканын түшүнбөгөн койлорго теңеп койгон капиталисттерди Кудай жазалап жатканын көрүүдөбүз. АКШ, Европа, НАТОдо согуш, кыргын, ачкачылык, өлүм-житим. Алардын алдамчылыгы, наадандыгы өз баштарына тийүүдө. Калган жегичтерден кыргызстандыктар кутула албай жатышат. Кыскасы, 30 жылдан бери башталган бандиттик системаны жок кылмайынча чыр-чатактар, тирешүүлөр улана берет. Бирок тарыхый тил менен айтканда, Манастын урпактары улуу эл катары тамыры жок, жеңил ойлуу каракчыларды бир эмес үч жолу кууп чыгышты. Бүгүн алардан биз эмес, африкалыктар да коркпой калышкан. Себеби, баардык мамлекеттер менен согуша берип, курал-жарактары азайып калды. Акыркыларын Россиянын куралдуу күчтөрү талкалап бүтүштү. 

АКШнын сазайын берген Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун ой-максаттары бирге экенин көрдүк. Кыргыз президенти мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатында УКМКга көрсөтмөлөрүн берип, АКШнын программаларын аткарып келаткан билим берүү министрлигин, Түркия мамлекетин төңкөрүп коё жаздаган “гүленчилерди”, сакалчан-дамбалчан диний фанаттардын радикалдык уюмдарын ревизиядан өткөрсө, алдын ала чара көрүлөт.

Кыргызстандын көзгө басар эки адамы майда депутаттар менен “разборкаларга” баргандан көрө Россия президенти В.Путин жана анын премьер-министри М.Мишустин менен иш жүргүзүшү керек. Анткени Россиянын саясат, экономика, идеологиясы дүйнөдөгү геосаясый абалга жараша түзүлгөн. Кыргызстанда болсо 30 жыл мурда орнотулган АКШнын саясатын таптакыр жоюп таштаганга түшүнүк жетпей жатат. Реформаларды жүргүзгөнгө түшүнүк жетпесе, айтканды укпаса, бирин-бири жок кылып жүрө беришет да. Бандиттерден үлгү алган, кылмыштуулук менен наадандыкка эң ылайыктуу жагдай түзүлгөнү ушул, Венециялык комиссиядан алып келген Конституцияда бадырайып жазылып турат. Ал эми кылмышкерлер үчүн УПКга ылайык жазанын эң жеңил түрлөрү каралган. Камчыбек Ташиевди талкуулаган кыргыз коомчулугу калган кадрларды да кеп кылышууда. Бул жерде Ишенбек Муртазаев “күчтүү мамлекеттик идеология азыркыга чейин иштелип чыга элек. Тек гана акылдуусунуп, тамсилдете, макалдата, уламыш-жомок сыяктуу бир нерселерди айта берүү мамлекеттик идеологияга жатпайт” деди. Мындай түшүнүктүү так аныктаманы президенттин айланасындагылар түшүнбөйбү? “Ар кандай коррупциялык махинациялардын чебери болуп алган жуликти премьер-министр кылып дайындап койсо, коррупция менен мафиянын министрлигин, агенттигин түзүп коюш бир паста” дешет нааразы болгондор. Акчанын артынан кулаган премьер-министрге 25 млн. берген АКШ кийин жүз эсе, 25 миллиардга зыян келтирерин кыргызбайлар түшүнбөйбү? 30 жылдан бери акча ала берген кыргыздар мамлекетти талкалап, элибизди өз ара душман кылып таштады. Кандай болгон күндө да кыргызбайдын башы оорубайт, анткени баарына президент Садыр Жапаров өзү жооп берет.

Бир жарым миллиард калкы бар Кытайды үчөө эле башкарса, кичинекей Кыргызстанды 300 коррупционер башкарып алышкан. Баарын түрмөгө камап, президент жеке өзү бийлик жүргүзсө. Буларды бириктириш үчүн Россия менен Кытайдан үлгү алыш керек. “Мы родились в Советском Союзе!” деген Россиянын көп улуттуу элдери эч кандай революция, төңкөрүш, тирешүүсү жок эле жашап жатышат. “Кандай кааласам ошондой кылам” деген өзүмбилемдик жок аларда. Баары бирдей В.Путинге баш ийишип, Россиянын гана мыйзамдары менен жашашат. Баардык шаарларында поезд, пароход, самолет, ракеталарын чыгарган заводдору бар. Биз болсо талап-тоноп, ичип-жеп, уурдаган жагынан кыйын экенбиз. Ошондуктан Россияга шайкеш келген системага өтүшүбүз керек. Президент Садыр Жапаров мурдагы президенттерге караганда акылмандык сапаттары бар экен, В.Путин, М.Мишустин менен биргеликте Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айланта алышат. Албетте, Камчыбек Ташиевдин жардамы менен...


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер