Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Курсан Асановдун шамчырак сымал жарык чача турган убагы алдыда

Генерал Курсан Асановдун шамчырак сымал жарык чача турган убагы алдыда

03-январь, 19:30
6 656 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул жалганда оош-кыйыш күндөр көп болот эмеспи. Ал эми саясый жашоодо андан бешбетер опурталдуу жагдайлар арбын. Эмнеге биз бул жагынан кеп баштап турабыз? Себеби бар. Милициянын катарынан ырааттуу баскычтарды өткөн, ар дайым күйүп турган сыноолордон такшалган, керт башын эмес, мекендин жүгүн артынган генерал Курсан Асановдун бейнесине учкай токтололу. 

2010-жылдагы ыңкылаптан кийинки коопсуздукту камсыздоо, Июнь окуясындагы түштүктөгү коогалаңды тынчытуу, чек ара чатактарындагы күтүүсүз кылчайнашуулар, анан кийинки эле Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тиреши, 2020-жылдагы Октябрь төңкөрүшү, айтор, кайсы жерден башаламандык, өрт чыкса Курсан Асановдун аралашып, эрдик көрсөтүп жүргөнүнө күбө болобуз. Ооба, бул биз эстеген гана урунттуу учурлар. Ал мамлекеттик кызматта иштейби, оппозицияда жүрөбү, айтор, дайыма эл тарабындагы позициясынан тайбай келгенинде. Тобокелдикке барган инсан үчүн жашоо ар дайым эле бир кылка алкакта өтө бербейт экен. Курсан Асанов соңку жылдары үч ирет камалып, кайра эркиндикке чыкты. Мунун баары саясый күрөштүн негизинде, айрым бузукулардын интригасы менен коштолсо керек. А түпкүлүгүндө жарыкчылыктын туткасын кармап, шамчырак сымал элге жарык чачуунун аракетиндеги акыбети эмеспи? Бул учур алыс эмес. Ооба, каарманыбыз келечекте карапайым калкка кызмат кыла турган мезгилге да жетет. Азырынча акыл калчоого убактысы бар...

Эмне демекчибиз? Жаңырган жылда Курсан Асанов козголгон кылмыш иштеринен арылып, акталып, саясатка кайтып келишине тилектешпиз! Мамлекеттин туруктуулугу, элибиздин бейпилдиги үчүн кызмат кыларына ишеним чоң. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер