Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Түлеевдин курулуштары үчүн мэр Жунушалиев да жоопкерчилик алышы керек”

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Түлеевдин курулуштары үчүн мэр Жунушалиев да жоопкерчилик алышы керек”

12-декабрь, 17:15
5 738 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нариман Түлеевдин Совет-Чүй көчөлөрүнүн кесилишине курган үч кабат имараты өзү айткан долбоорго каршы келип калдыбы? УКМК башчысы жөн жерден ачууланбаса керек?

-- Борборубуздун борборун узак мөөнөткө жаап, бир жарым миллион элге ыңгайсыздык жаратып, башында бир долбоорду элге жарыялап, ишке келгенде такыр башкача болуп калганы бүтүндөй шаар тургундарын эле эмес, кыргызстандыктарды да нааразы кылды. Жолдун тарышы, жашыл зонага имарат салып салганы, бекитилген долбоордун жоктугу, айткан убакта бүтпөгөнү, элге чыгып “Таймс сквер”, бир туруп “Монте Карло” кылам (!) дегени Ташиевге эле эмес, элге, Кудайга да жага турган иш болгон жок.

-- Өткөндө “мага эки ай уруксат бергиле” деген Нариман Түлеевди биз түшүнбөй калдыкпы же ал максатын так айта албай жатабы?

-- Камчыбек Ташиев айткандай, бийлик шарт түзүп, жолдун жабылганына эл чыдап жатса да, мыйзам чегинде курулуш кылбай, жеке кызыкчылыгын баарынан жогору койгонун көрүп жатабыз. Ошондой эле ГУМдун алдын, Караван соода борборунун алдын да кеңейтип алганын билебиз.

-- Ал куруп койгон үч кабат имратты бузабы же көгөрүп сактап калабы?

-- Үч кабат имарат толук мыйзам бузуу менен курулган, себеби ал жер көп жылдардан бери жашыл зона эле. Үч эмес бир да кабат курулбашы керек да. Таң калганым – эмнеге буга жол беришкенине түшүнө албай турам. Бакиевдин убагында жаштар алеясын да талкалап, жеке турак жайларды, бизнес борборлорду куруп, шаарыбыздын уникалдуу бөлүгүн талкалагандар болгон.

-- Нариман Түлеев бузган долбоордо Бишкек мэринин да жоопкерчилиги каралышы керекпи? Бул боюнча кандай пикирдесиз?

-- Нариман Түлеев жүргүзүп жаткан курулуштар үчүн мэр Айбек Жунушалиев, Бишкек башкы архитектурасы, жана башка тийешелүү органдар көзөмөл жүргүзүп, жоопкерчилик алышы керек. Анткени, Кыргызстандыктар мыйзам баарына бирдей, калыс иштейби же бай, мамилеси барларга өзгөчө, карапайымга башкача иштейби (?) деп карап турат.                                                                                                                      Борборубуздун борборун, тарыхый жерлерди, жашыл зоналарды жеке адамга берип, жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюп жаткандары акылга сыйгыс.                                                                                                                                      


    Айнура Мырзабекова

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер