Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарынбек Молдобаев: “Баарын коюп, чек арадагы аласа-бересени тактаганыбыз оң”

Нарынбек Молдобаев: “Баарын коюп, чек арадагы аласа-бересени тактаганыбыз оң”

26-сентябрь, 23:28
337 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бүгүнкү оор абалга күнөөлүүлөрдү издеп жатабыз. Бирибиз бийликти, бирибиз Путинди, айрымдар Американы. Согуш учкуну эмнеден улам жаралды? Кандай ой калчоодосуз?

-- Бүгүнкү күндө элибиздин ою бурулуп, бир эле маселе жүрөктөрүн оорутуп турат. Бул – Баткен жерибиз, жапа чеккен элибиз. Биринчи жолу алар кол салганда тап бербей, унчукпай отурбадыкпы. Тажиктер каалаганын жасашып,  кетип калышты. Эч бир иштери далилденбей эле калды. Эми эл Путинди күнөөлөп жатат. Танктардын баарын Россия берген да. Россия балким “талибандардан сактансын” дегендир. Ал сырды бирок эч ким билбейт. Бизде көп жылдан бери конфликт болуп келе жаткандыктан, ошол учурда курал берилгени да таңгалычтуу. 

Бүт эл Путинди күнөөлөгөндөй болуп турат. Россия тарап эмнеге курал берди? Эмне себептен кол салып жатышат? Ошонун баарына жооп издөө шарт. Жооп издегенде биздин азыркы бийлик орустарга көп жакпайт. “Биз Украина менен согушуп жатсак, ОДБКнын мүчөсү болушса да нейтралдуубуз дешет” таризинде Тажикстан жетекчилигине кайрылып, “булардын артында эч ким жок, курал-жарактары начар” деп кол салдырткан Россия жетекчилиги сыңарындай божомолдор бар. Мунун канчасы чын, канчасы төгүн белгисиз.

“Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон бийлигин жоготкону турганы, баласын ордуна коёюн десе күчү жетпей, клан болуп бөлүнүп-жарылышууда. Ошондуктан согушту баштап, авторитетин көтөрөйүн деген ою бар” деген да пикирлер бар. Батыш саясатчылары “бийлигин сактоо үчүн ушул кадамга барып жатат” деп ачык эле айтып жатышат. Мындайча айтканда, “мурдагы аскер кызматкерлери Рахмонго баш ийбейт” дейт. Аларга балким Америка акча берип, бул ишти баштап жатышабы? Ушундай версиялар да бар. 

-- Өзүңүздүн жеке оюңуз кандай?

-- Менин жеке оюм – абдан эле оор абалдабыз. Өткөндө 36 киши, бул жолкуда 59 кырчындай жигиттер каза болушту. Эң эле биринчи мамлекет деген эмне? Конституцияда жазылып турат: “Такталган, бекитилген чек арасы болушу керек. Андай чек арасы болбосо мамлекет деп айтууга болбойт” деген түшүнүктү эстейли. Бирден-бир мамлекеттүүлүктү түзгөн Конституцияда такталган делимитация, демаркация болгон чек ара болушу керек. Канча деген уландарыбызыз курмандыкка кетип жатат? Баарын коюп, аласа-бересени тактаганыбыз оң. Мисалы, Үзөңгү-Куушту Кытай менен такташып алгандыктан, Кытайдын нааразычылыгы жок. 2009-жылдары Казакстан менен да такташып алганбыз. Алар менен чыр жок. Азыр Өзбекстан менен Тажикстан калды. Өзбекстан менен аяктап калганы айтылууда. Тажиктер менен такташып алсак, мындай жаманчылык болбойт беле?..

2007-жылы эле бул маселеге кайрылганбыз. Ошондо Баткендеги бир топ тургундар үйлөрүн тажиктерге саткан экен. Эми ал убакта кол салуу боюнча эч кимдин ою жок болчу. Үйлөрдү сатып алып, эми “биздин жер” дегендери да ошондон. Ошон үчүн чек араны тактап, “ал тараптагы үйлөр сатылбасын” деген мыйзам чыкса, мындай көрүнүштөр болбойт эле. 

Дагы бир айтчу жагдай, ар убакта согушка даяр болушубуз керек. Курамы чоң армияны кармап жатабыз. Мунун кажети бар беле? Чек ара чыры көп болгондуктан Баткенге мыкты, тажрыйбалуу дивизияны дайыма коюп койсок. Алар абдан тажрыйбалуу болсо, бир топ жеңилдик жаралмак. 

Союз учурунда мобилизация дегенди ар бир адам билчү. Саат канчада кайсы жерге барат, кайсы чепти коргойт, баарын билишчү. Ошол сыяктуу чек ара жакта жашаган эркектерди өзгөчө даярдап, үйрөтүшүбүз зарыл. Мисалы, Израилдин тегереги бүт арабдар. Ошол тегерегинин баары менен душман. Бирок армиясын күчтөп, армиясына жадагалса кыздарды да алышат. Биздикилер абдан эр жүрөк, кайраттуу, баатыр калк экен. Илгери эле “Кыргыздар – Азиянын арстандары” деп айтылчу. Ошондуктан ар убак даяр болуп, курал-жарак менен камдуу болгонубуз дурус.

Коррупция токтоп, “уурдап жатат” деген акчалар коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө жумшалса кана?! Мындай абалда уйкубуз тынч, келечегибиз кең, элибиз коопсуз турмуш кечирмек. Учурда кан жутуп, жоготкон уулдарыбызга жүрөк сыздап турат. Мындан ары тынччылык болсун. Асманыбыз ачылсын!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер