Дүйшөнбек Камчыбеков: “Бизде тоо-кен тармагын өнүктүрүүдө стратегия эмес, концепция да жок”

-- Өлкө башчылары, министрлер кабинети акыркы учурда тоо-кен тармагына көңүл бурууда, анын ичинде Британияда болгон сүйлөшүүлөрдү да айтсак болот. Британия менен тоо-кен тармагындагы кызматташуунун эртеңи кандай? Ушулар тууралуу ой бөлүшсөңүз?
-- Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен байланышкан эки чоң маселе бар. Жолугушууда да “Чаарат” деген компания менен келишим түзүлгөнү айтылып кетти. "Чаарат" деген бизде түштүктө жайгашкан алтын кени бар. Бул кен менен англиялык компания иштешип келген. Андан тышкары, Англияда жайгашкан LBMA деген компания бар. Бул компания дүйнө жүзүндөгү алтын өндүрүүчү жана алтын сатуучу компанияларга сертификат берген уюм. Ушул LBMA деген компаниядан “Кыргызалтын” жана Кумтөрдү биз өзүбүзгө алып жаткан учурда ар кандай себептер менен биз бул сертификаттан айрылып калганбыз. Бирок кийинчерээк текшерүү жолдору менен далилдеп, “Кыргызстан менен иштешип, өндүрүлгөн продукцияга сертификат берсек болот” деген жыйынтыктын негизинде Щвейцарияга, Түркияга алтындарыбызды сатып жатабыз. Бир эле Англия эмес, көп өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр, алакалар болот. Акыркы учурда Кытай менен дагы сүйлөшүүлөр орун алууда.
Бизде дүйнө жүзүнө керектүү болгон кендердин 17 түрү бар. Ошол кендерди керектөөчү инвесторлордун баары биз менен иштешсе болот. Мыйзам талаасын аларга ылайыктап түзүп беребиз. Жер казынасы боюнча мыйзам бар. Ага улам өзгөртүүлөр кирип, жаңыланып турат. Ошол мыйзам аркылуу дүйнө жүзүндөгү ондогон компаниялар менен иштешет. Бүгүнкү күндө биз алтын кендерин, алтын кендеринин кошулмасы болгон күмүш, жез ошону менен бирге көмүр кендерин иштетип келебиз. Инвесторлор үчүн кызыгуу жаралса, келиши мүмкүн. Биздин максатыбыз – кайсы өлкөдөн болбосун инвесторлорду тартышыбыз керек. Ар бир кенди иштетүүдө өтө чоң каражат сарпталат. Ошол эле Кумтөрдү иштетүүдө башталгыч этабында эле 450 миллион доллар каражат сарпталган. Россиялык "Альянс алтын" компаниясы Жерүй кенин иштетүүдө 650 миллион доллардан ашык каражатты керектеди. Ал эми анчалык каражат менен иш баштай турган биздин жергиликтүү ишкерлер жокко эсе. Ошондуктан биз инвесторлорду тартууга өтө муктажбыз.
-- Министлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бизде 1200гө жакын пайдалуу кендердин жайы табылганын, анын ичинен 51 кен деталдуу чалгындоодон өткөнүн айтты. Ошол 500дүн ичинде дагы казылбай турганы арбын экен да?..
-- Бүгүнкү күндө темир кендери казылбай турат. Ал жерде миллиарддаган запастар бар. Андан сырткары, алюминий кени да казылбай турат. Союз учурунда "Сандык" деген алюминий кенин казуу боюнча долбоор Москвага чейин жетип, ал жерден Тажикстандын долбоору өтүп кетип, биздики казылбай калган. Бүгүнкү күндө көп нерсеге керектүү литий кени көл жергесинен чыгып жатат. Андан тышкары, коргошун, калай, вольфрам бар. Вольфрам менен молибденди да иштетүүгө мүмкүнчүлүктөр болгон. 2009-жылдары адис катары “алтын, күмүш, темир, көмүр, нефть – 21 кендин түрүн алып, эксплуатациялык чыгымдары канча болот? Болжол менен канча киреше алынат?” деп эсептеп чыкканда, 80 миллиард доллар баасы көрсөтүлгөн. Ошол учурда болжолдонгон кендердин көпчүлүгү иштетилбей турат. Бүгүнкү күндө потенциалыбыз өтө чоң.
-- Тоо-кен тармагын иштетүүдө жалпысынан кадр маселеси кандай?
-- “Центерра” учурунда жогорку деңгээлдеги менеджерлер башкарып келген болсо, бүгүнкү күндө биз мурда белгилеп айтып келгендей, өзүбүздүн жарандар, адистер толугу менен иш жүргүзүп келишет. Кумтөр бизге өткөндөн кийин жарака кетип, бир коркунуч жаралган. Ошол блокту иштетүүдө деле тийешелүү чараларды көрүп, биздин өзүбүздүн адистер ишти алып кетишти.
-- Бизге финансылык эмес стратегиялык инвесторлор кайрылары айтылып калат...
-- Биз баары ойдогудай экенин айтуудан алыспыз. Көйгөйлүү маселелер боюнча президентке кайрылууларды жолдоп келебиз. Аныгында, Жер кодекси, Суу кодекси, Жер казынасы мыйзамдары бар. Ошого байланыштуу жер-жерлерде көйгөйлөр жаралат. Мисалы, жер казынасынын негизинде лицензия берилип, анын негизинде жашыл китеп алынса, жергиликтүү элдин жайытына Жер кодексинин негизинде ошондой эле жашыл китеп берилет. Бул жерде карама-каршылыктар, көп көйгөйлүү маселелер бар.
Бизде тоо-кен тармагын өнүктүрүүдө стратегия эмес, концепция да жок. Динара Кутманованын убагында концепция иштелип башталды эле, акырына чыкпай калды. “Тоо-кен тармагын кандай кылып өнүктүрөбүз? Кандай пландарды коёбуз? Кандай каржылашыбыз керек? Алтынды, түстүү металлдарды, көмүр кендерин мындан ары кандай иштетебиз?” деген маселелер бар болчу. Бирок ал концепция али кабыл алына элек. Жер кендерин иштетүүдө стратегиялык инвесторбу же финансылык инвесторбу, ал кен бүгүнкү заманга пайдалуубу же пайдалуу эмеспи жана кору кандай болорун рынок чечет.
Учурда берилген лицензиялардын саны төрт жүздөн ашык болсо, ошонун 150гө жакыны иштетүүгө берилген. “Кыргызалтын” мурда Макмал, Солтон-Сары, Терек-Сай кендерин иштетип келсе, азыр кошумча дагы үч эле лицензия берилди. Бул күндөрү “Кыргызалтын” ишканасы даяр болуп турат. Жаңы адистерден кошуп күчтөтүп туруп, өлкөдөгү алтын кендерин иштетүү саясатын ага жүктөш керек. Анан статус жана мыйзамдуу жол менен иш жүргүзө турган мүмкүнчүлүк берүү шарт. Бул “Кыргызкөмүр” жана “Кыргызнефтегаз” ишканаларына да тийешелүү. Аларга да статус берилип, жалпы эле көмүр жана газ менен нефть өндүрүү саясатын жүргүзсө туура болмок.