“Сизге ишеним жок эле...” Равшан мырза боюнча Канат Сагымбаевдин пикири
Равшан Бабырбекович, мен түрмөгө түшкөнгө чейин кээ бирөөлөр сыяктуу ар кандай ушактарды угуп, сизге ишеним жок эле. Болгону эки сапатыңызды баалачумун: 1) Сынды бетке айтып, сын айтканды гана билбестен, маселени чечүү жолдорун да сунуштап келесиз. Сынды ар бир адам эле айта алат, конкреттүү сунуш берген киши чанда. 2) Баардык президенттерге оппозиция болуп, бетине ачуу чындыкты айтып келдиңиз. Бирок көпчүлүк саясатчылардай болуп, бийликтен кеткенден кийин “жарадар арстанды талаган чөөлөрдүн” катарына кошулган жоксуз. Бул дагы бийик адамдык касиеттердин белгиси.
Сизди жүрөктүү, чечкиндүү, билимдүү, тажрыйбалуу, тайманбас жана туруктуу позициясы бар адам экендигиңизди түрмөдөн көрүп-билгенден кийин терең сыйлап калдым.
Мамлекеттин башына сиздей жетекчилер керек. Анткени сиз башкаларга окшоп куру популизм менен “оорубайсыз”. Реалдуу сунуштарды гана айтасыз. Өзүңүз айтмакчы, келечектеги элдик, акыркы президент болуңуузга тилектешмин!
Равшан байке, сизге ийгилик!
Канат Сагымбаев