Турдакун Усубалиев баса белгилегендей, сууну эмнеге коңшуларга сата албай отурабыз?

“Убагында Турдакун Усубалиев Кыргызстан суу башы катары коңшу мамлекеттерге мындай байлыгыбызды сатууну эчен жолу көтөрүп, бирок эгемендүүлүктөн бери бул демилге ишке ашпай келет. Себеби эмнеде? Жалтак, жарды өлкө болгонубуз үчүнбү?..” деген суроо салдык.
Нарынбек Молдобаев, экс-депутат
-- Бул маселени Турдакун Усубалиев союз убагында эле көтөрүп келген экен. Мисалы, Өбекстанда жерден газ чыгат. Аны өнүдүрүү үчүн бирөө иштеп, акча коротпойт. Болгону трубалар аркылуу газды сактоочу жерлерге жөнөтүшөт. Пайдаланмак турсун сатышат. Газ, нефти жерден чыккан байлык болуп эсептелет. Газы, нефтиси бар мамлекеттер аны сатып, экономикасын жогорулатып жатышат. Турдакун Усубалиев сатып, мамлекеттин экономикасын жогорулатабыз (!) деген суу мөңгүлөрдөн түшүп, сай-сай аркылуу агып, чоң дарыяга айланат. Орто Азияда эки эле мамлекетте мөңгү бар. Кыргызстан менен Тажикстанда. “Биз газды, нефтини пайдалангандай, силер сууну керектейсиңер. Пахта өстүрүп, талаа жумуштарына пайдаланып, ичесиңер. Силер да сатып алгыла” деген маселени көтөргөндө, Кыргызстандагы саясатчылар деле туура эмес кабыл алып, “Кудайдын суусун не кылабыз сатып, же башка жакка бура албасак, пайдалана беришсин” дешкен. Чынында суу дүйнөдө эң баалуу экенин ойлошкон эмес. Турдакун Усубалиев ошондо эле түшүнгөн, ошон үчүн сууну сатып, экономикабызды көтөрүү боюнча ири маселени көтөргөн.
Суунун баркын бөлөк өлкөлөр билет. Сауд Арабияга барып көрсөңөр, какыраган чөл, таштан башка эч нерсе жок. Маараган бир мал жок. Чөп болбосо кайдан мал болот? Алар этти сырттан алып келип жешет. Израилде эле чөп бар экен. Алар да жасалма жол менен өстүрүшүптүр. Жайды жайлай бизге суубуздун акканы, шаркыратмаларыбыз үчүн ошону көргөнгө туристтер келип жатышат. Шаркыратмаларды карап, суктанышат. “Качан токтойт? Түгөнүп калбайбы?” деп таңкалышат.
Сууну көп талап кылган кошуналар деле мезгилинде кыял көрсөтүп калышчу. Өзбекстан газды декабрдын орто ченинде өчүрүп коюп, шайыбызды кетирчү. Арга жоктон “Кыргызгазды” Россияга сатып, Кыргызстан газды үзгүлтүксүз алып калды. Казакстандын талаалары БЧК, анан Чүй суусу менен сугарылат. Алар деле анда-мында чек араны жаап, маселе жаратып коюшчу. Себеби, алардын бизге салыштырмалуу экономикасы жогору, калкынын саны көп. Ошон үчүн президенттеринин дымактары да күчтүү болуп, моюн бербей койду окшойт. Бул маселени БУУга чейин көтөрүп, эл аралык мыйзамдарга тууралап, сууну товардай сатууну колго алсак, мамлекет үчүн пайдалуу болмок.
Умар Анарбаев, серепчи:
-- “Кыргызстан – жер үстүндөгү бейиш” деп жүрөбүз. Бейиш дегенибиздин биринчи фактору – суу ресурстары бар. Кыргызстан агро өлкө. Суу менен дыйканчылыгыбызды толук камсыз кылып, сыртка сатып, экономикага киреше булак түзө турган ресурс катары пайдалансак да болот. Бирок, суу маселесин союз убагынан бери эле туура эмес пайдаланып, жолго сала албадык. Турдакун Усубалиев айткандай, сыртка сатып, экономикага киреше кылсак болмок. Бюджетке жакшы эле салым кошмок.
Союз мезгилинде го партиялык система эле. 15 союздук республикада болуп, Кремлдин оозун карап отурушчу. Аны түшүнөбүз. Мамлекеттерди бири-бирине байлаганын да жакшы билебиз. Азыр доор, заман башка. Союз тарагандан кийин базар экономикасына өттүк. Дүйнө жүзүндөгү экономикалык, саясый кырдаал өзгөрдү. Ар бир мамлекеттин өзүнүн чек арасы, желеги, гимни болду. Эмнегедир маселени кабыргасынан коюп, “сууну сатабыз” дегенди айта албай, теңата сүйлөшүүдөн алыс болуп келебиз. 30 жылдан бери кандайдыр бир деңгээлде бирөөнүн көзүн карап, ушул системадан чыга албай жатабыз.
Бирок, үч жылдан бери өзгөрүү бар. Мурун ширеңке чыгарган цехибиз жок болсо, азыр темир жол куруп, машине чыгара баштадык. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев теңата сүйлөшүүнүн үлгүсүн көрсөтүп жатышат. Чуркап барып бөжөңдөшкөн жок. Канча жылдан бери чечилбеген маселерди чечишүүдө. Суу маселесин да так ушундай жол менен чечип койсо жакшы болот эле. Сыягы, экөөнүн убактысы жетпей жатат окшойт.
Акылбек Жапаров бир нерсени кымбаттатарда же салыктын жаңы түрүн тапканда, дүйнөлүк стандартка ссылка кылат. А эмнеге сууну дүйнөлүк стандартка ылайык баада сатууга киришпейт? Энергетика, айыл чарба тармагына эл аралык деңгээлде иш жүргүзө алган күчтүү кадрларды кызматка алышса, мүмкүн ошолор ушул маселенин чечилишине салым кошушмак. Бизде болсо профессионалдык жөндөмү бар кадрлар ишке алынбай, өксүп жатат.
Бул маселеге президент менен Ташиев катуу киришпесе, Акылбек Жапаров кыйратпайт. Ал күчтүү экономист, финансист болгону менен патриот эмес. Кыргызстан үчүн күйбөйт. Кыргыз үчүн күйсө байлыктарын мамлекетке өткөрүп берет эле го.
Жаштарды кызматка тартканы менен алар базар экономикасында туулуп өсүп калган үчүн акчаны эле көздөп, алкымын тыя албай кайра-кайра кармалып жатышат. Союз убагында туулгандарда эле көкүрөгүндө “элим” деген сезим болбосо, башкасы пайданы эле көздөөдө. Кызматка барган жаштарга саяпкер керек да...
"Азия Ньюс" гезити