Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамынан ажырап, камакка алынабы?

Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамынан ажырап, камакка алынабы?

19-февраль, 19:07
4 166 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сотко чакыруу келгенде Сооронбай Жээнбеков ажылыкты шылтоолоп, качып кеткени жарыяланган. Эми келиптир. Эмесе, “Оптима Банктын” кутучасынан 1 миллион доллар Сокенин шайлоо өнөктүгүнө жумшалганын камактагы Дүйшөнбек Зилалиев билдирген эле. Бул жагынан кандайча көрсөтмө берерин коомчулук күтүп, бүйүр кызып турган чак.

Мындан сырткары, Россия, Кытай, Батыш ж.б. өлкөлөрдөн келген гуманитардык жардамдар, дары-дармектер, ПЦР тесттерди президенттик аппарат тымызын түрдө сатып, бизнес кылды беле? Бул боюнча ЖМКларда талкуу жаралып, ынанымдуу жооп ала албай жатышат. Ошого катар пандемияга бир канча миллиондогон доллар жардам катары келсе, аны айлык акыларга, башка коромжуларга чаптап, башаламандык жаралганбы? Былтыр жай айларындагы коронавирустан каза тапкандар 8 миңден ашканы айтылууда. Соке башында турган бийликтин карасанатайлыгы, шалаакылыгы үчүн эл кырылганбы? 

Жакында “Үмүт” кыймылы түзүлүп, өткөн жылдын 5-6-октябрь күндөрүндө оор жаракат алгандар, Үмүттүн өлүмүнө коштолгон ондогон жабырлануучулар арызданышып (аянтта жабыр тарткандар миңге чукул), бул жааттан да чоң резонанс жаратышууда. Соке баш болуп, желдеттери Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев жана Өткүрбек Жамшитов да айыпталышабы? Эл күтүүдө.

Мындан сырткары, Кой-Таш окуясында Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков сыяктуу саясатчыларды эч негизсиз каматып, аларга кошуп ондогон патриотторду да түрмөгө тыктырганын кантебиз? Жаракат алгандар арбын эле. Бул жагынан Сокенин кландык тууганчылык кадрлары, салиевдер жана береги күч органдарынын жетекчилери менен айыпталабы?

Камакта жаткан Мухамметкалый Абылгазиев Кумтөр, радио жыштыгы боюнча көрсөтмө бериши мүмкүн. Ошол эле кезде Сокенин айынан Курманбек Дыйканбаев да түрмөдө жатат, ал дагы “Дастан” заводунан чыгарылган миллиондорду айтып, жогорку жетекчиликтин тапшырмасы менен жаза басканын ачыктайбы? “Акнетти” Алмамбет Салиев аркылуу рейдерлик жолдо тартып алышканы үчүн жооп беришеби?..

Ток этери, элдин талабы менен Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамы алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылары негизги маселеге айланды. Кеп жаңы бийликте... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер