Бактардын жалбырагы али саргая элек...
Жаңы эле университетке окууга өтүп, 1-курстун студентимин. Ал кезде айыл чарба жумушу деп Чоң-Арыктын ылдый жагындагы Киргизия-1 аталыштагы колхоздун талаасына помидор тергени бардык. Биз менен кошо дене тарбия институтунун (“физкультурный” деп койчубуз) студенттери да бар эле. Күндүз кечке помидор теребиз. Кечинде тамактан кийин баарыбыз ырдайбыз, айлана күлкү-шаңга бөлөнөт. Физкультурныйдагы бир баланын мага назар салып жүргөнүн курбу кызым божурады. Алгач этибар албадым. Аз өтпөй кайрадан келип, “баягы мен сага айткан бала тээ бурчта бир кыз менен отурат. Жүрү көргөзөйүн” деди да ээрчитип жөнөдү.
Алар биз тамактанчу ашкана тартапта, арык жээгинде экен. Билмексен болуп жанынан өтүп кеттик. Негедир ал баланы биздин айылдагы алгебрадан берген мугалимге окшоштурдум. Ал агайыбыз бойдок болгондуктан, чоң класстын кыздары тийишип калчубуз. Менин чоң окуу жайга өтүшүмө да ошол агайдын салымы чоң болду. Ара-чолодо Фрунзедеги студенттик күндөрүн, андагы сүйлөшүп жүргөн кызы менен кантип таанышканын, анан кантип жок жерден ала качып кеткенин мага көп айтчу. Экөө күздө үйлөнөбүз дегиче бейтааныш балага алдырып ийгенин арман кыла, “бүгүн сүйгөнүмдүн туулган күнү. Экөөбүз баш кошуп калганда бул күндү бир башкача өткөрмөкпүз... Анда мен силердин айылда эмес, өзүмдүн ата-энемдин жанында болмокмун. Эми мен эч качан үйлөнбөйм. Айылыма да барбайм. Кош менин жаштыгым, кош менин сүйүүм! Өмүр бою карт бойдок болуп өтөмүн!” деп мени бир кучактап чекемен өөп, “сени эч ким ала качпасын, ала качса да отурбай кой. Сүйгөн жигитиң менен бактылуу бол!” дегендери көз алдыма тартылды. Баса, агай ушул сөзүн бактардын жалбырагы саргая элек кезде айткан...
Бурул
"Азия Ньюс" гезити