Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнөдө бактысыз адамдардын саны көбөйүүдө. Бактылуу өлкө кайсы?

Дүйнөдө бактысыз адамдардын саны көбөйүүдө. Бактылуу өлкө кайсы?

31-октябрь, 14:34
996 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөдө эң бактылуу адамдар жашаган өлкө кайсы экенин окумуштуулар изилдеп чыгышкан. 

World Happiness Report 2019 Дүйнөлүк докладында жер планетасындагы 156 өлкөнүн жашоо деңгээлин изилдеп чыгышкан. Үчүнчү орунда бактылуу адамдар жашаган өлкө Норвегия деп эсептелет. Экинчи орунга – Дания кирди. Ал эми биринчи орунга Финландия чыкты.

Англия, АКШ жана Канаданын окумуштуулары бардык өлкөлөрдө жашоосуна ыраазы болуп, эч нерседен кем болбой жана өздөрүн бактылуу сезип жашаган адамдарды иликтешкен. Алардын социалдык абалын гана эмес, жашоого болгон эмоциясы терс жана оң экенине да назар салышкан. Ушундан улам тилекке каршы адам баласынын саны өскөнү менен бактылуу адамдардын саны азайып баратканы байкалган. Адамдарда негативдүү эмоция, тынчтсыздануу, кайгыруу жана кыжырдануу көбөйө баштаганы маалым болду. Мындай адамдарды мурда Азия жана Африка өлкөлөрүнөн көп кездештирсе, эми Евпропадан, АКШдан жана башка өнүккөн өлкөдөгү адамдардан да жолуктурууга болоорун белгилешти. 

Бактысы төмөн, жашоосу өтө начар, экономикалык, политикалык жана социалдык стресске баткан өлкөлөрдүн катарын Йемен, Индия, Сирия, Ботсван жана Венесуэл эсептелген. Ал эми Россия  акыркы үч жылдан бери 68 орундан 27 орунга жылып, бактылуу адамдардын саны арбып баратканы белгилүү болгон.

Ал эми дүйнөнү башкарып жаткан АКШда  экономикалык абал мыкты болгону менен бактылуу адамдардын саны азайганы байкалган. Анын себебин АКШда элдин көбү баңгизатка көз каранды болуп, кумар оюндарына берилгендигин айтышат. 

Акыркы кезде адамдар өздөрн ишенимсиз алып жүрүшөт жана бир нерсеге дайыма кыжаалат болушат. Ошондуктан ар бир өлкө башчылары жарандарынын бактылуу болушуна кам көрүүсү зарыл экенин белгилешти.

Өздөрүн бактылуу сезип, эртеңки келечегине үмүттүү караган, социалдык абалы мыкты, жашаган жеринде коррупция, кылмыштуулук жок, жашоо деңгээли жогору он өлкөнү тизмектеп чыгышты. Алар:

  1. Финляндия
  2. Дания
  3. Норвегия
  4. Исландия
  5. Нидерланды
  6. Швейцария
  7. Швеция
  8. Жаңы Зеландия
  9. Канада
  10. Австрия

Ушул өлкөдөгү адамдар өздөрүн бактылуу жана коопсуз сезишет экен.

Ал эми Кыргызстан бактылуу өлкөлөрдүн катарына жакынкы аралыкта кошула алабы деген суроо туулат.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер