Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Сыдыков: “Бизнес тармагы тынчсызданууда. Министрлер кабинети кандай жооп кылат?”

Аскар Сыдыков: “Бизнес тармагы тынчсызданууда. Министрлер кабинети кандай жооп кылат?”

21-август, 11:23
3 503 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору менен маек.

-- Экономика жана финансы министрлигинин жаңы демилгесине караманча каршы экениңерди билдирип чыктыңар. Ушул жагынан кененирирээк уксак?

-- Бул мыйзам чындыгында эле баарыбызга түшүнүксүз болду. Ал боюнча биз атайын массалык маалымат каражаттарына да билдирдик. Атайын кайрылуу дагы жолдодук. Ал мыйзам долбоордо бир катар аябагандай чоң ыйгарым укуктар министрлер кабинетине берилип жатат. Алар каалагандай салыктын ставкаларын өзгөртө алышса, кандай түшүнсөк болот? Салык төлөөчү жол-жоболорду, ички ыкмаларды өзгөртө алат экен. Эрежелерди өз алдыларынча аныктай турганын билдик. Менчиктештирүү, бюджет жагынан да өздөрүнчө дээрлик чексиз ыйгарым укуктарды алышууда. Ошондой эле бюджеттен жеке ишканаларга кредиттер   берилсе, ушул кредиттерден карыз болсо, ал ишканаларга үлүш катары ээлик кыла алат. Салык же төлөмдөр жагынан ишканалардын карызы болсо дагы мамлекеттик органдар алардын үлүшүнө ээ боло алышат экен. Бул дагы мыйзамга дал келбей турган нерсе. Абдан көп башка мыйзамдарга, юридикалык техникага дал келбеген, ошондой эле базар экономикасынын принциптерине да шайкеш эмес нерселер камтылган. Ошондуктан, биз өз алдынча кат дагы, кайрылуу дагы жолдодук. Бизнесте ишкерлерге эң негизги принциптердин бири – бул аныкталган жана ачык-айкын мыйзамдар. Демек, алдын ала аныкталган салыктардын ставкалары, соода, лицензия, уруксат берүүчү эрежелердин баары мурдатан аныкталып, өзгөртүлбөй турушу шарт. Бул жерде каалаган убагында өзгөрткөнгө министрлер кабинетине баардык мүмкүнчүлүктөр берилген. Ошондуктан бизнес тармагы өз тынчсыздануусун билдирди. Бул мыйзамды кабыл алуунун кажети жок. Министрлер кабинети кандай жооп кылат?..


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер