Ош ШИИБни башкарганга Акылбек Мамасейитовдун моралдык укугу калган жок


Эрксизден баш чайкайсың! Ош ШИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальниги 1 кг героин менен кармалып, камакка алынды. Резонанс жаралды. Албетте, мындай көрүнүш милициянын кадыр-баркына көө сүйкөйт. Эми жетекчиликке мыйзамдуу жана калыс баа берилиши зарыл. Ош ШИИБнин башчысы Акылбек Мамасейитов моралдык жактан сынды, кызматында калып иштөөгө укугу жок. Алдындагы начальниги оор кылмышка кириптер болуп аткан соң, токтоосуз түрдө иштен айдалышы керек. Жогорку жетекчилик адилеттүү алкакта баа береби? Акылбек Мамасейитовдун шалаакылыгы, өздүк курамга кайдыгер мамиле жасаганы үчүн бардак жаралып, милиция ичинен “кой терисин жамынган кылмышкер” чыгып атпайбы! Демек, токтоосуз түрдө Акылбек Мамасейитов кетиши шарт. Шымы жаман жеринен айрылып калды...
"Азия Ньюс" гезити











