Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ишкерлерге мамиле өзгөрдүбү?

Ишкерлерге мамиле өзгөрдүбү?

08-август, 18:30
969 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өнүгүүгө багыт алган өлкөлөрдө ишкерлерге байланыштуу жыйындар өтүп, көйгөйлөр ачык айтылып турат эмеспи. А биздеги абал кандай?

Рустам Жунушев, тегирменчилер ассоциациясынын президенти:

-- Биздеги азыркы абал дурус эле. Эки жылдан бери министрлер кабинети өкмөт менен түздөн-түз диалог түзүп,көйгөйлөрүбүздү айтып, алар болсо маселелерибизди чечип бергенге аракет кылып жатышат. Мисалы, тегирменчилер, ун тармагын алсак, 2020-жылдары ун ишканаларынынбаарынын иштери токтоп, талкаланып, саналуусу ганакалган. Ага чейин биз канча кайрылууларды жасап, барбаган жерибиз калган эмес. 2020-жылы пандемия келгенде биздин өндүрүшазыраак болуп, базардын 85%ы импорттон келген ун болуп, карантинде Казакстан чек араны жаап койгондон кийин кыйынчылык көп болгон. 2021-жылы Акылбек Жапаров экономика министри болуп турганда, биз барып көйгөйүбүздү айтып, “эртең азык-түлүк коопсуздугуна кепилдикбере албайбыз” деп кайрылгандан кийин бизге НДС боюнча жеңилдик берип, жакшы келишим түзүп, анын алкагында пункттар түзүлгөн. “Запас кармайсыңар, ун кампаларда толуп турушу зарыл. Иш орундарын, салыктарды көбөйтөсүңөр” деген талапкоюлган. Биз ошонун негизинде алектенип, мына, бүгүнкү күндө отуздан ашык тегирмен иштеп жатат. Айрым тегирмендер заманбап жабдууларды, технологиялардыалып келишүүдө. Бүгүнбиздин рынокту 65%га чейин кыргызстандык өндүрүшчүлөр ээлеп калды. Азык-түлүк коопсуздугун 67%га жаап жатабыз.Эми экинчи этап менен биз чийки затты, буудай көлөмүн көбөйтүүгө кириштик. Арзандатылган кредиттерди алып берип, жакшы үрөн алып келгенге үйрөтүүлөр жүрүүдө. Айыл чарба министрлиги биз менен тыгыз байланышта иштейт. Анын жыйынтыгында “айыл чарба секторунколдойбуз” деген президенттин указы чыкты. Буюрса өнүгүүлөр алдыда деген ишенимдебиз.

Жоодар Омошев, ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы:

-- Бизде дагы дал ошондой. Регулярдуу түрдө жолугушуулар болуп турат. Маселенин форматына жараша тийиштүү министрликтер менен бирге жумуш аракеттер ишке ашууда.Социалдык маселелер боюнча соцөнөктөштөр ортосунда (эмгек министрлиги, профсоюз, бизнес ассоцациялар) келишим бар. Ошол келишимдин алкагында маселелер талкууга алынат.

Төлөнбек Абдыров,экономика илимдеринин доктору, профессор:

-- Биз эгемендик алгандан бери ишкерлер менен ар кандай чогулуштар, бизнес форумдар өтүп келет. Бирок жыйынтыгы көп учурдажемиштүү болбой,укуктарын коргой албай, өкмөткө үнүн жеткире албай келген. Азыр деле “оңолуп кетти” дегенден алысмын. Бирок 2-3жылдан бери ар кандай жыйындар, форумдар болуп, бийлик тарабынан көңүл бурулуп, каржылоо маселелери каралып, насыялар болобу,кыргыз индустрия, агро өнөр жай жагына, туризм тармагына бир топ аракеттер көрүлүп келүүдө. Акырындык мененаймактык-административдик жактан, салык жаатынан реформалар жүрүп жатат. Ар кандай фонддор түзүлүп, инвестицияларды тартып келүү боюнча буйруктар чыгып,мыйзам жагынан да өзгөрүүлөр орун алууда. Эң негизгиси, инвестицияларды тартып келүү жаатында жакшы иш-чаралар көрүлө баштады.

Мурда “саясый жагдай туруксуз, кримчөйрөсү бизнес жаатына таасирин көргөзөт” дегендей жүйөлүү нерселер бар болчу. Эки-үч жылдан бери коррупция менен күрөш катуу жүрүп жатат. Кримтөбөлдөргө,уюшкан кылмыш топторго каршы күрөш жүрүп,алардан тазалануу менен басымынан кутулдук десек болот. Президент тарабынан да ишкерлерди колдоо боюнча жакшы жарлыктар жакын арада жарык көрдү.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер