Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Аалиева, Манас таануучу: «Далай кыз-келиндерибиз «секс джихад» үчүн боевиктерге талпак болушкан...»

Гүлзат Аалиева, Манас таануучу: «Далай кыз-келиндерибиз «секс джихад» үчүн боевиктерге талпак болушкан...»

17-декабрь, 18:25
2 013 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлзат айым, Сирияда Башар Асаддын режими кулап, дүйнө элинин эси-дартын «Сирияга баягы 1979-жылдагы Ирандай болуп, ислам республикасы орнойбу?» деген суроо ээлеп алды. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?

-- Ооба, мен да ушул суроого кызыгып, дүйнөдөгү эң абройлуу деп эсептелген эксперттердин пикири менен таанышып, айрыкча Түркиянын «Sabah» маалыматтык агенттиги тараптан төмөнкүдөй болжолдуу сценарийлер сунушталып жатканына күбө болдум: биринчи сценарий боюнча Башар Асаддын бийлиги кулары менен ар кыл идеологиялык көз караштагы оппозициячыл күчтөр бирдиктүү альянска баш кошуп, Сирия Демократиялык Республикасын түзүшөт. Бул сценарийди Түркия, Россия, АКШ, Европа, Катар жана кандайдыр бир деңгээлде Израиль колдоп, бул сценарий Сириянын территориялык бүтүндүгүн сактап калганы менен ишке ашыруу бир топ кыйынчылыктар менен коштолот, же такыр эле ишке ашпайт. 

Экинчи сценарий боюнча Сирия Ислам Республикасы курулат. Бул сценарийдин чегинде өкмөттүн курамын «Хайят Тахрир аш-шам» уюму түзүшү толук ыктымал. Натыйжада, өлкө салафиттик менталитетке ээ жана идеологиялык жактан Израиль менен АКШга өзгөчө салкын мамиле жасаган ашкере диндарлардын колуна өтөт. Бул сценарийдин чегинде Түркия Батыш менен аймактык касташтардын ортосундагы калкан катары прагматикалык кызматты аткарып калат. 

Үчүнчү сценарий боюнча Израилдин толук көзөмөлү астындагы антишииттик мамлекет курулушу да толук ыктымал. Бул долбоордун өзөктүү доктринасын Иран менен «Хезболла» уюмуна караманча каршы болуу идеясы түзүп, «Хезболла» уюмун түндүк тараптан атайы максатта блокадага алып, «Хезболланы» логистикалык жана аскерий колдоого алып жаткан Тегерандан кол үздүрүү аракеттерин ишке ашыруу саналат. 

Төртүнчү сценарий боюнча АКШнын толук көзөмөлү астындагы Сирия Федеративдүү Республикасы түзүлүшү толук мүмкүн. Мындай сценарийдин чегинде Сирия өлкөсү баягы 1990-жылдардын башындагы Балкан жарым аралындагы мамлекеттердей болуп, өтө майда мамлекетчелерге ажырап, ар бир мамлекетче сунниттер, курддар, друздар жана нусайриттер сыяктуу топтордун саясый таасири астында калат. Мындай өөндөрдөн жамаачыланган саясый долбоорду Израиль мамлекети да толук колдойт болсо керек. 

Бешинчи сценарий боюнча, эгер Сириядагы ички каршылашкан тараптар ынтымакка келбесе, анда жарандык согуш күч алып, ал бирдиктүү өлкөнү сунниттер, курддар, друздар жана нусайриттер сыяктуу топтордун таасири астындагы майда мамлекетчелерге бытыратып, натыйжада, бүгүнкү Сирия толук бойдон талкаланып, тарых бетинен жок болуп кетиши да толук ыктымал. 

-- Кыкеңдер Сирия, Афганистан, Украина жана Грузиядагы саясый кырдаалдар менен геосаясый долбоорлорду талкуулаганга машпыз...

-- Ооба, азыр «мен кыргызмын» дегендин баары ички саясаттын гана эмес, сиз айткандай, дүйнөлүк геосаясаттын да ичеги-кардын чебер артканды үйрөнүп албадыкпы. Бирок, дүйнөлүк маалымат каражаттарына кайра кайрылалычы. 

Индиянын «The Economic Times» деп аталган маалыматтык агенттиги «Сирияда Башар Асаддын режиминин кулашы прогрессивдүү адамзатка кооптуу болгон ИГИЛди кайра жандантып, экстремисттик күчтөргө шык берип, алар болсо өз кезегинде Индиянын улуттук коопсуздугуна катуу сокку уруусу толук мүмкүн» деп жазып, катуу чыйпылдап жатат.

-- Эмне үчүн? 

-- Анткени, Башар Асаддын режими ИГИЛге каршы күрөш жүргүзгөн учурда Индия мамлекети толук бойдон Башар Асадды колдогон. Ошондой эле араб дүйнөсүнүн ичинен Сирия гана Индиянын стратегиялык өзөктүү өнөктөшү эле.

Мындан он жыл илгери Сирия мамлекети Россия жана Ирандын жардамы аркасында ИГИЛдин таш-талканын чыгара талкалады. Эми Башар Асаддын режими кулагандан кийин Индия мамлекети чочулагандай, Ирак мамлекетинин чегинде ИГИЛ топтору кайрадан баш көтөрүшү толук мүмкүн.  

-- Эми өлкөбүздөгү туруктуулук, диний абал тууралуу айтсаңыз?

-- Таттуу кыялга балкып, «өлкөдөгү диний абал туруктуу» дегим келет. Бирок, иш жүзүндө өлкөдөгү диний жагдай, тилекке каршы, менин таттуу кыялыма дал келбейт. Анткени, дүйнөнүн көп мамлекеттеринде «жалпы экстремисттер менен террористтердин 80 пайызын даярдаган кооптуу уюм» катары тыюу салынган «Таблиги жамаат» уюму өлкөбүздө ээн-эркин иштеп, эч кимге баш ийбеген эрке балага айланып алды. 

«Таблиги жамаат» уюму бир кезде килейген Индия мамлекетин бөлүп-жарып, андан диний ишеними боюнча Пакистан менен Бангладеш мамлекеттеринин бөлүнүп чыгышын шарттап, дин маселесинде аталган мамлекеттер бүгүнкү күнгө чейин тил табыша албай келгенин эске салсак, бул «Таблиги жамаат» уюмунун борбору Пакистанда экени эле канча кооптуу!  

Жогоруда айтылгандардан улам төмөнкүдөй суроолор мыйзам ченемдүү жаралат экен. 

1. Ханафи мазхабында жок, ата-тегибиздин үч уктаса түшүнө кирбеген тээ Пакистандан импорттолуп келип жаткан «Таблиги жамаат» уюму менен анын дааватына тыюу сала албай жатат. 

2. Таблигчилер менен алардын дааватын ээрчип кеткен кыргыздар, казактар, өзбектер, уйгурлар, Кытайдагы кыргыздар, тажиктер, татарлар, башкырлар, түрктөр сыяктуу ханафи мазхабын кармап калган коңшу жана боордош элдерден диний ишеним боюнча бөлүнүп калбайбызбы?

3. Эгер таблигчилер сыяктуу сырттан импорттолуп келген радикалдуу диний таасир күчөй берсе, анда «Ханафи мазхабын кармап калган коңшу жана боордош элдердин алардын ишенимине туура келбеген дааватчы кыргыздарга болгон терс мамилеси күчөп, алар менен болгон ынтымак ыдырап, Сириядагы сценарийлер кайталанбайт» деп ким кепилдик берет? 

4. Ханафи мазхабын кармап калган элдер менен Пакистандын таасириндеги таблигчи кыргыздардын ортосунда диний тиреш күч алса, Кыргызстандагы улуттук жана коомдук коопсуздук маселелери боюнча так эле Сириядагыдай курч көйгөйлөр жаралып, диний өөндөрдөн жамаачыланган саясый долбоорго айланып кетерин ойлогон жан барбы? 

5. Дааваттын ордуна улуттук нарктын өлбөс-өчпөс акыл кенчи менен эле ханафи мазхабын кармап калсак кандай болот? Улуттук нарк деле нечендеген кылымдар бою кыргыздарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарып келди эле го. 

6. ИГИЛ идеологиясын колдоп, 2012-жылы Сирияга «секс джихад» деп далай кыз-келиндерибиз кетип, алар көрүнгөн боевикке талпак болуп, аруу абийиринен ажыраса, дүрбөгөн динчилердин шары менен Сирияга кеткен далай жигиттерибиз өмүрүнөн айрылды. Эми ошол окуялар кайталанбайт деп ким кепилдик берет? 

7. ИГИЛ идеологиясы Кыргызстан эмес, коңшу мамлекеттер үчүн да өтө кооптуу. Өзбекстандагы ИГИЛди жактаган кооптуу топтор Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын бузуп, натыйжада, канчалаган жигиттердин канын төгүп, жанын алып, 1999-2000-жылдары болуп өткөн Баткен окуялары да ИГИЛ идеологиясы менен тыгыз байланыштуу экени эстен чыкпоого тийиш. Ошол кезде саясый аренага суурулуп чыккан Турсунбай Бакир уулу сыяктуу диний миссионерлер азыр кайра баш көтөрбөйт деп ким кепилдик бере алат? 



Сурат Жылкычиев
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер