Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавирусту кайталап жугузуу катталды
Коронавирусту кайталап жугузуу катталды
03-сентябрь, 10:19

Коронавирусту кайталап жугузуп алуу боюнча тастыкталган бир учур катталды. Бул тууралуу Россия Федерациясындагы Гамалея атындагы илимий борбордун башкы адиси Федор Лисицынге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Ушул тапта ооруну кайра илештирип алган бир учур клиникалык жактан тастыкталды. Биринчи жугузуу менен экинчи жугузуунун ортосунан 148 күн өткөн" деди Лисицын.
Дал ушул сыяктуу дагы бир учур Тувада шектелип жатат, бирок ал боюнча медиктер акыркы бүтүмүн чыгара элек.
"Азия Ньюс" гезити